Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ИНЖЕНЕРДИК–ГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнɵ эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Маркшейдерлик иш», «Ачык тоо-кен иштери», «Жер алдындагы кендерди иштетүү», «Тоо-кен ɵндүрүшүнүн физикалык процесстери», «Ɵнɵр-жай жана жарандык курулуш», «Архитектура» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2019-жылы бүтүрүү);
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Microsoft Office, AutoCAD жана башка инженердик программаларды колдонгонду билүү;
- Тыкандык, команда менен иштей билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.
Милдеттер:
- Геодезиялык аспаптар менен шаймандарды колдонууну үйрɵнүү жана ɵздɵштүрүү;
- Маркшейдерлик съемканы коопсуз аткаруу жана геодезиялык аспаптарды колдонуп белги коюу;
- Жыйынтык ишеничтүү болушу үчүн шлам пробаларын алуу усулдарын үйрɵнүү;
- Карьердин бортторуна байкоо чекиттерин орнотуу жана алуу, пъезометрлерди, термисторлорду жана инклинометрлерди орнотуу жана алуу боюнча жумуштарды инструкцияларга ылайык коопсуз аткаруу;
- Калдык сактоо чарбасынын объектилерине коюлган талаптарды ɵздɵштүрүү;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктɵрү менен таанышуу. Тоотектеринин физикалык-механикалык сапаттарынын жана бургулоо-жардыруу иштеринин параметрлеринин жардырууга тийгизген таасирин билүү;
- Тоо-кен жумуштары боюнча планды түзүү усулдарын ɵздɵштүрүү;
- Долбоордук жана техникалык документацияны белгиленген тартипте кабыл алуу, сактоо жана ɵткɵрүп берүү;
- Курулуш, реконструкция долбоорлорун иштетүү үчүн тапшырмаларды даярдоо жана долборлоо үчүн баштапкы маалыматтарды жана инженердик-техникалык эсептɵɵлɵрдү, чертеждорду, эвакуация пландарын, окуялардын эскиздерин чогултуу;
- Архив менен иштɵɵ.
Жумуш шарттары:
- Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
- Такшалма графиги – 14/14
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 30-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.