02.07.2020: 11.13 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 861 481 655 USD

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММА

Жарыяланган: 06 May 2019

Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн  АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНЫН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

  

Талаптар:

  • «Түстүү металлдардын металлургиясы», «Пайдалуу кендерди байытуу» адистиктер бюонча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2019-жылы бүтүрүү);
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Компьютер менен иштегенди жакшы билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 

Милдеттер:

  • Туруктуу үзгүлтүксүз ɵндүрүштүк процессти камсыз кылуу максатында бɵлүм башчынын тапшырмаларын аткаруу.
  • Долбоордук иштерге катышуу.

 

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

 

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 30-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

 

 

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММА Следующая публикацияЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММА
02.07.2020: 11.13 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 861 481 655 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.