«Кумтөр Голд Компани» ЖАК конкурстук негизде ЖОЖ бүтүрүүчүүлөрүн ИНЖЕНЕРДИКГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнɵ эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

 Талаптар:

  • «Тоо-кен иши» же «Маалымат системалары жана технологиялары» багыттары боюнча жогорку билимге ээ болуу;
  • Ачык мүнөздүүлүк жана стресске туруктуулук;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей билүү;
  • MS SQL маалымат базасы жана MS SQL Management Studio колдонмосу менен иштөө тажрыйбасы болуу;
  • Microsoft Office, AutoCAD жана башка инженердик программаларды колдонгонду билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Медициналык жактан ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу.

  Милдеттер:

  • «Mine Sense» тоо-кен паркын башкаруу программасын үйрөнүү;
  • Өндүрүмдүүлүк отчетторун көзөмөлдөө жана убагында анализдөө;
  • «Mine Sense» программасын боюнча билимин жана жөндөмдөрүн тереӊдетүүгө арналган тапшырмалар менен көнүгүүлөрдү аткаруу.

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2020-жылдын 1-апрель саат 16:00 чейинKumtor@centerragold.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.