Вакансия жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖ бүтүрүүчүүлөрүн  АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНЫН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

 

Талаптар:

  • «Түстүү металлдардын металлургиясы», «Пайдалуу кендерди байытуу», «Химия жана химиялык технологиялар» адистиктер боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2019-жылы бүтүрүү);
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Компьютер менен иштегенди жакшы билүү (презентацияларды, аткарылган тесттердин отчетторун түзүү ж.б.);
  • Англис тилин жакшы билүү (жазуу жана оозеки).

 

Милдеттер:

  • Туруктуу үзгүлтүксүз ɵндүрүштүк процессти камсыз кылуу максатында бɵлүм башчынын тапшырмаларын аткаруу.
  • Долбоордук иштерге катышуу.

 

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

 

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 31-июль саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

 

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.