Вакансия жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК конкурстук негизде ЖОЖ бүтүрүүчүүлөрүн МАТЕРИАЛДЫКТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО бөлүмүнɵ эки жылдык такшалма программасына ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Материалдык-техникалык камсыздоо», «Экономика», «Менеджмент» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (оку жайды 2019-жылы бүтүрүү);
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей билүү;
  • MS Office программасын жакшы билүү;
  • Англис тилин эркин билүү.

Милдеттер:

  • Товарларды/тейлɵɵлɵрдү сатып алууга билдирмелерди иштеп чыгуу;
  • Заказдарды жɵнɵтүү;
  • Документтерди иштеп чыгуу;
  • Заказдардын аткаруусуна байкоо жүргүзүү;
  • Отчетторду жана башкаларды даярдоо.

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 31-июль саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.

Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.