17.06.2021: 7.99 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 618 440 110 USD

“Кумтɵр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабрика пландуу ири ремонт иштерин жүргүзүү үчүн ишин убактылуу токтото турат

Жарыяланган: 19 February 2015

«Кумтɵр Голд Компани» “Кумтɵр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабрика 2015-жылдын 23-февралынан пландуу ири ремонт иштерин жүргүзүү жана жаӊы жабдуунун орнотуу үчүн ишин убактылуу токтото турарын билдирет. Фабриканын ишин толук кɵлɵмдɵ кайра жандандыруу 2013-жылдын 13-мартына пландаштырылган.

Фабриканын бардык үч шар тегирменинде запастык бɵлүктɵрдү демонтаждоо жана жаӊыларын коюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн “Кумтɵр” кен ишканасына алты ɵлкɵдɵн 50дɵй ар кайсы профилдеги адистер келишет. Кумтɵрдүн тегирмендери үчүн жаӊы комплектɵɵчүлɵрдү иштеп чыгууга жана даярдоого 18 ай жумшалды, деталдар Түндүк Америкада жана Европада даярдалды.

«Жаӊы комплектɵɵчүлɵрдү коюудан улам алынуучу башка натыйжа – бул жабдуунун ɵтɵ ишенимдүүлүгүн камсыздоо, токтоп калуулардын санын азайтуу жана руданы кайра иштетүү кɵлɵмүн кɵбɵйтүү. Алтын ылгоочу фабриканы техникалык модернизациялоо кен ишканасынын иштɵɵ мɵɵнɵтүн андан-ары узартууга эсептелген», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» президенти Дэниел Дежарден.

Ремонттук жумуштардын бардык мезгилинде тоо-кен иштери кадимки режимде улантылмакчы.

Предыдущая публикация“Кумтөр” компаниясы кыш айларында Ысык-Көл облсунун калкына жардам берүүдө Следующая публикация2014-ж. аягына карата запастар менен ресурстар
17.06.2021: 7.99 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 618 440 110 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.