25.02.2021: 11.14 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 862 255 673 USD

Геотехник (Кумтөр кенинде, УБАКТЫЛУУ БОШ ЖУМУШ ОРДУ)

Жарыяланган: 20 August 2015

БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

• Карьердеги тоо-кен объектилерин көзөмөлдөө;
• Пьезометрлердин жана термисторлордун көрсөткүчтөрүн алуу;
• Мониторинг точкаларын, экстензометрлерди, пьезометрлерди жана термисторлорду орнотуу жана чечүү;
• Имараттарды жана курулмаларды нивелирдөө, маалыматтарын иштеп чыгуу жана анализдөө.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

• «Тоо-кен өндүрүшүндө физикалык процесстер» жана «Маркшейдер иши» адистиктеринде «Тоо-кен инженери» квалификациясы;
• Адистик боюнча иштөө тажрыйбасы;
• Ачык тоо-кен иштерин алып баруу технологияларын билүү жана негизги геомеханикалык процесстерди жакшы түшүнүү;
• Геодезиялык өлчөө негиздерин билүү жана геодезиялык өлчөө аспаптарын колдонууну билүү;
• MS Office жана AutoCAD программаларын жогорку деңгээлде колдонууну билүү. Маалымат базалары менен иштөө негиздерин билүү;
• Бул кызмат орду талапкерден жогорку профессионалдык этикага ээ болууну, деталдарга көңүл буруусун, окууга умтулуусун, жоопкерчиликтүү, ачык мүнөз, стресске туруктуу болуусун талап кылат;
• Айдоочунун күбөлүгүнө ээ болуу («В» категориясы).

Анкета жана резюмени 2015-ж. 28-августунун саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарек аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 ( «Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегинде тапшырсаңыз болот.

Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KS-15-38.

Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияКаржы бухгалтери (Убактылуу бош жумуш орду) Следующая публикацияКалдыктар чарбасынын техниги (Кумтөр кенинде)
25.02.2021: 11.14 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 862 255 673 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.