Бишкекте “Маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр” Эл аралык форуму өтүүдө

Бишкекте “Маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр” Эл аралык форуму өтүүдө

Жарыяланган: 24 May 2022

2022-жылдын 23-24-майында Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында “Маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр” Эл аралык форуму өтөт. Бардык кызыкдар тараптарды тегерек столго чогултуу идеясы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүккө таандык.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров биздин алдыбызга кийинки муундарга өнүккөн Кыргызстанды калтыруу максаты менен өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын бириктирүү, ошондой эле чет өлкөдө жашаган ийгиликтүү мекендештерибизди, чет элдик өнөктөштөрүбүздү  чогултуп, болгон көйгөйлөрдү талкуулоо, реалдуу чечимдерди иштеп чыгуу жана чогуу ишти баштоо тапшырмасын койгон. Коомубузга жана жаңы муунга биригип, жардам берүүнү сунуштайм. Ал үчүн биз Маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү коомдук фондун түзүп жатабыз», – деди Теңиз Бөлтүрүк форумдун ачылышындагы куттуктоо сөзүндө.

Фонддун болочок ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстанды искусствонун, арт-индустриянын жана салттуу руханияттын регионалдык борборуна айландырууга багытталган инновациялык келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өлкөгө туристтерди тартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Мындан бир жыл мурун мамлекет башчынын саясий эркинин аркасында Кумтөр элге кайтарылган. Долбоор кыргызстандыктардын келечеги жана өлкөбүздүн экономикасы үчүн иштей баштады.  Билимди, илимди, маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү боюнча иштер кен жайдын Кыргызстанга кайтарылганынан биринчи күндөрүнөн тартып эле жүргүзүлүп келет. Мисалы, Кыргыз-Суу айылында коомдук китепкана курулду. Ошондой эле, мына жакында «Кумтөр» Улуттук филармония солисттеринин аймактардагы гастролдук сапарына демөөрчү болду. Ушул сыяктуу көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды, маданият мекемелеринин капиталдык ремонту, балдардын музыкалык, көркөм сүрөт, хореографиялык жана искусство мектептерин заманбап жабдуулоосу жана башка көптөгөн иш-чаралар пландалууда.

Өткөн жылдын декабрь айында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстардын ири комплекстүү түзүмү катары “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясы түзүлгөн. Холдинг ишкер жана чыгармачыл адамдардын потенциалын ачууга, алардын улуттук жана эл аралык деңгээлде талап кылынган продуктыларды өндүрүүсүнө шарт түзөт.

«Кумтөр жана Холдингдин долбоорлору үчүн гана эмес, бүтүндөй маданий Кыргызстан үчүн жаңы доор башталды. Биздин холдинг “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” деп бекеринен айтылбайт, анткени кыргыз элинин ата-бабадан келе жаткан каада-салтын кайра жандандыруу менен гана жаңы бийиктиктерди багынта алабыз”, – дейт «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк.

Эл аралык форум эки күнгө созулат. Катышуучулар форумдун биринчи күнүндө маданий демилгелерди колдоо жана жайылтуу маселелерин талкуулашты. Экинчи күнү анын катышуучулары спорт жана туризм сыяктуу тармактарды өнүктүрүүнү талкуулашат.