БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ
КЫЗМАТ МИЛДЕТТЕРИ:
• Бухгалтердик ѳткѳрүүлѳрдү аткаруу;
• Бухгалтердик эсептерди ай сайын жүргүзүү жана текшерүү;
• Ички отчет документтерин ай сайын даярдоо;
• Каржылык отчеттуулуктун анализин жүргүзүү (айлык жана кварталдык);
• Айлык жана кварталдык каржылык отчеттуулугун жүргүзүү;
• Жылдык каржы отчеттуулукту ачуу барагын даярдоодо жардам берүү;
• Бухгалтердик түшүңдүрмѳсүн жана каржы отчеттуулукка болгон таасирди аныктоо үчүн ишкананын башка бѳлүмдѳр менен бирге кызматташуу;
• Жыл сайын тышкы мекемелер тарабынан ѳткѳрүлүүчү каржы отчеттуулук аудиттери жана салык текшерүүлѳрү учурунда жардам кѳрсѳтүү;
• Бухгалтердик эсептин жаңы нускамасын изилдѳѳдѳ жана иш жүзүнѳ ашырууда катышуу;
• Ишкананын жетекчилери тарабынан талап кылынганда, тийиштүү отчетторду даярдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
• Бухгалтерияда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуу;
• Бухгалтердик учет же каржы тармагында бакалавриат наамына ээ болуу;
• САР сертификаты же болбосо ага тете сертификатка ээ болуусу;
• Бухгалтердик стандарттарды (ЭКОС-Эларалык каржылык отчеттуулук стандарттары) билүүсү артыкчылык катары каралат;
• Microsoft Excel программасын шар колдонобилүү;
• Бухгалтердик учет боюнча компьютердик программаларын колдонуу тажрыйбасына ээ болуу;
• Мыкты аналитикалык ыгына жана кат жүзүндө катышуу ыгына ээ болуу
Анкета жана резюмени англис тилинде 2014-ж. 25-ноябрда саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 ( «Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегинде тапшырсаңыз болот
Анкетаны бул жерден же жогоруда берилген даректе алсаңыз болот.
Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: BI-14-53
Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат