Адистер биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруу стратегиясын талкуулашты

Адистер биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруу стратегиясын талкуулашты

Жарыяланган: 20 October 2012

Адистер биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруу стратегиясын талкуулашты 2012-жылдын 19-октябрында Бишкекте Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы «Кумтөр» кен ишканасынын жака-белинде биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруу стратегиясын иштеп чыгууга арналган семинар болуп өттү. Семинардык максаты – катышуучуларды стратегиянын негизги жоболору менен тааныштыруу жана аларды эксперттер менен талкуулоо.

Семинарга Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Сарычат-Эрташ жана Нарын коруктарынын иштөөчүлөрү, Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүк чөйрөсүндөгү эксперттери, “Flora and Fauna International-Kyrgyzstan” жана “NABU-Kyrgyzstan” сыяктуу жаратылышты коргоочу өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү, ошондой эле компаниянын өкүлдөрү катышышты. Семинар долбоорлордун экологиялык жана социалдык кесепеттерин баалоо жана социалдык жоопкерчилик программаларын жүргүзүү саясаты менен алектенген америкалык «Призма» консультациялык компаниясынын көмөгү менен өткөрүлдү.

Жыйынды «Алейне» экологиялык кыймылынын негиздөөчүсү жана директору, ошондой эле Кыргызтандын «Кызыл китебинин» редактору болуп саналган профессор Эмил Шүкүров ачты.

Ал стратегияны иштеп чыгууда системалуу мамиле чоў роль ойной тургандыгын белгиледи. «Менде бул идеяны кантип жүзөгө ашырууга боло тургандыгы жөнүндө сунуштар көп. Региондо микрокоруктар иштеп, экологиялык чыйыр жолдор салынып, жашыл патруль жана кошуундар уюштурулуусун калаар элем. Бул кадамдардын баары Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн, атап айтканда тоо-кен казып алуучу өнөр жайы менен өз ара аракеттенүүдө өтө маанилүү».

«Биздин компания курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ишти өзүнүн башкы милдеттеринин бири катары эсептейт. Бул семинар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин көрсөттү”, – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер. – Компания биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү боюнча өзүнүн стратегиясын жана планын ушул жылдын аягында эле жүзөгө ашырууга киришүүгө даяр. Стратегиянын алкактарында «Кумтөр» бир катар биринчи кезектеги программаларды колдоого даяр, алар да жылдын аягында жарыяланмакчы».

[flashvideo filename=wp-content/uploads/2012/10/ElTR-kg-22.10.2012.flv image=”https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2012/10/video.jpg” /]