АТКАРУУЧУ АДМИНИСТРАТОР

АТКАРУУЧУ АДМИНИСТРАТОР

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

АТКАРУУЧУ АДМИНИСТРАТОР

Билдирүүнүн номери: KGC-21-79

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Компаниянын башкаруучусуна жана компаниянын жогорку кызмат адамдарына күн сайын жардам берүү;
  • Күн тартибин, зарыл документтерди даярдоо, документтерди тиешелүү түрдө тариздөө жана жолугушууларды өткөрүү үчүн бардык зарыл даярдыкты жасоо;
  • Компания башкаруучунун иш графигин координациялоо, жолугушууларды уюштуруу, оозеки жана жазуу жүзүндө которуу;
  • Компаниянын ар кандай бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кызмат адамдары менен, жана ошондой эле башка уюмдар жана бирикмелер менен жумушту координациялоо;
  • Жетекчинин бизнес-тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле аларды контролдоо;
  • Компаниянын административдик саясатын жана жол-жоболорун ишке киргизүү жана координациялоо;
  • Кириш жана чыгыш иш кагаздарын жана документтерди каттоо, талаптагыдай сактоо, талдоо жана бөлүштүрүү. Компаниянын башкаруучусунун архивин жүргүзүү;
  • Компаниянын жетекчилигинин атынан келүүчүлөрдү, телефон чалууларды, билдирүүлөрдү кабыл алуу жана башка зарыл иш-аракеттерди аткаруу;
  • Компаниянын аткаруу комитетинин жыйналыштарына катышуу, жолугушуулардын протоколдорун жүргүзүү;
  • Зарыл учурда Өкмөттүн жана/же парламенттин жолугушууларына катышуу;
  • Ишкердик этиканы жана жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу. 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку билимге ээ болуу;
  • Аткаруучу администратор/жеке жардамчынын кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
  • Катчылык жана административдик ишти мыкты билүү;
  • Компьютерди (MS Office) жакшы билүү;
  • Жазуу жана оозеки котормо көндүмдөрү: орус-кыргыз-англис тилдерине;
  • Мыкты өз ара баарлашуу жана аналитикалык көндүмдөргө ээ болуу;
  • Өзүн алып жүрүү, натыйжалуу иштей билүү, уюшумдуу, демилгелүү болуу.

Анкета жана резюмени 2021-жылдын 14-июну саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-79

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.