АЛДЫҢКЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ISS ЖАНА GLASS LEWIS КОНСАЛТИНГ КОМПАНИЯЛАРЫ “ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.” КОМПАНИЯСЫНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНЕ ЖЫЛДЫК АКЦИОНЕРЛЕР ЖЫЙЫНДА СУНУШТАЛГАН БАРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ДОБУШУН БЕРИП СУНУШТАЛГАН РЕЗОЛЮЦИЯЛАРДЫ КОЛДООНУ СУНУШТАШАТ

АЛДЫҢКЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ISS ЖАНА GLASS LEWIS КОНСАЛТИНГ КОМПАНИЯЛАРЫ “ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.” КОМПАНИЯСЫНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНЕ ЖЫЛДЫК АКЦИОНЕРЛЕР ЖЫЙЫНДА СУНУШТАЛГАН БАРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ДОБУШУН БЕРИП СУНУШТАЛГАН РЕЗОЛЮЦИЯЛАРДЫ КОЛДООНУ СУНУШТАШАТ

Жарыяланган: 04 May 2016

Торонто, Канада, 2016-жыл, 3-май: “Центерра Голд Инк.” Компаниясы (же Центерра же Компания) алдыңкы эки кеңештик-өкүлдүк компания Institutional Shareholder Services Inc. (“ISS”) менен Glass Lewis and Co., LLC (“Glass Lewis”) “Центерра Голд Инк.” компаниясынын акционерлери компаниянын Директорлор кеңешине мүчөлүккө сунушталган бардык талапкерлерди колдоого добуш берүүнү жана KPMG LLP (кыр. “КПМГ”) аудитордук-кеңештик фирманы компаниянын аудитору катарында 2016-жылы 17-майда жылдык акционерлер жыйналышында (“Жыйналыш”) бекитүүнү сунуштаганын кубануу менен билдирет.

“Центерранын” бардык акционерлерин 2016-жылы 29-мартка карата Компаниянын бардык акционерлерине жөнөтүлгөн жана интернетте http://www.centerragold.com/2016-meeting-materials дарегинде жайгашкан административдик мазмундагы буйруктуу кат менен таанышууну сунуштайбыз. Андан сырткары алwww.sedar.com издөө системинде жеткиликтүү. Аталган буйруктуу катта Компаниянын директорлугуна талапкерлер жөнүндө кеңири маалымат, КПМГ Компанияга көрсөтүүчү кызматтардын кеңири баяндамасы жана Компаниянын өткөн жылкы ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү камтылган.

“Центерра Голд Инк.” Директорлор кеңеши акционерлерине Жыйналышта сунушталган Директорлор кеңешине талапкерлер үчүн добуш берип, КПМГ аудиторлукка бекитилиши үчүн добуш берүүнү сунуштайт.
“Центерра” акционерлерине ишенич кат боюнча добуш берүүнүн мөөнөтү Торонто убактысы боюнча 10.00дө, жума, 13-май, 2016-жылы бүткөнгө чейин добуш берүүнү эске салат.

Эгер сизге ишенич кат менен жардам керек болсо, биздин Kingsdale Shareholder Services (“Kingsdale”) ишенич кат тазилдөө агенттигине 1-877-657-5857 телефону же contactus@kingsdaleshareholder.com. электрондук почта аркылуу кайрылыңыз.

Маалымат үчүн: ISS
ISS – корпоративдик башкаруу боюнча эл аралык каржы коомчулугуна сунуштама жана кеңеш берүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы компаниясы. Акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн, инвестициялар боюнча толук негизделген чечим кабыл алуу үчүн дүйнө боюнча 1700 түркүн уюм ISS кызматын колдонот.

Маалымат үчүн: Glass Lewis
Glass Lewis — башкаруу системи жаатында дүйнө боюнча кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз алдыңкы компания. Ал өз каражатын салып жаткан компаниялар тууралуу маалымат топтоо жана алака түзүүдө институционалдык инвесторлорго жардам көрсөтөт. Glass Lewis компаниясынын топтору АКШ, Европа өлкөлөрү жана Азиялык-Тынч Океан аймагында ишкердүүлүк жүргүзөт. Бул компания жалпы дүйнө боюнча маалыматка ээ болуу менен конкреттүү аймактык маалыматтарга да таянып кардарлары кабылган орчундуу административдик маселелерди чечүүгө да жөндөмдүү.

Центерра компаниясы жɵнүндɵ. Центерра Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. Центерра Борбор Азиядагы ири алтын ɵндүрүүчү батыш компаниясы. Центерранын акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана SEDAR маалыматты электрондук издɵɵ системасында жеткиликтүү.