«Кумтөр Голд Компани» эки вице-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынан кетишине комментарий берет

«Кумтөр Голд Компани» эки вице-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынан кетишине комментарий берет

Жарыяланган: 03 May 2016

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын пресс-кызматы 2016-жылдын 30-апрелинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчилиги, тактап айтканда каржы боюнча вице-президент Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу 2016-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын аймагынан 2016-жылдын 28-апрелиндеги компаниянын бишкектик кеңсесиндеги тинтүүлөрдөн кийин чыгып кетишти деп тараткан билдирүүсүнө «Кумтөр Голд Компани» комментарий берүүнү зарыл деп эсептейт.

Каржы боюнча вице-президент Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу Кыргызстандан алдын ала пландалган эмгек өргүүлөрүнө байланыштуу кетишкен.
Марк Бертондун 2016-жылдын 29-апрелинен 16-майына чейн белгиленген эмгек өргүүсү алдын ала макулдашылып, 2016-жылдын 25-январында бекитилген. Берилген датасы көрсөтүлгөн электрондук билеттин сканердик көчүрмөсү Марк Бертондун Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп чыгып, 2016-жылдын 10-майында Бишкекке учуп келген даталары менен билети 2016-жылдын 29 февралында брондолгонун тастыктайт.

Лесли Лоунун 2016-жылдын 29-апрелинен 17-майына чейинки эмгек өргүүсү 2016-жылдын 18-мартында макулдашылып, бекитилген. Берилген датасы көрсөтүлгөн электрондук билеттин сканердик көчүрмөсү Лесли Лоунун Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп чыгып, 2016-жылдын 18-майында учуп келген даталары менен билети 2016-жылдын 4-апрелинде брондолгонун тастыктайт.

«Кумтөр Голд Компани» компания кадимки тартипте иштеп, президент Дэниел Дежарден Кыргызстанда экенин баса белиглейт. «Кумтөр Голд Компани» жетекчилигинде эч кимиси учуп чыгууда жана Кыргызстанга кирүүдө эс кандай тоскоолдук көргөнү жак жана Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил кат берген эмес, жана бардык ушул сыяктуу маалыматтар чындыкка жатпайт.