«Кумтɵр Голд Компани» акыркы шайлоодо «Центерранын» кɵз карандысыз акционерлери «Центерранын» Директорлор кеӊешинин азыркы курамын жигердүү колдогонун билдирет

«Кумтɵр Голд Компани» акыркы шайлоодо «Центерранын» кɵз карандысыз акционерлери «Центерранын» Директорлор кеӊешинин азыркы курамын жигердүү колдогонун билдирет

Жарыяланган: 18 May 2016

«Кумтɵр Голд Компани» 2016-жылдын 17-майында Торонто шаарында болуп ɵткɵн «Центерра Голд Инк.» компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушунда анын кɵз карандысыз акционерлери («Кыргызалтын» ААК өкүлдөрү эмес) «Центерранын» Директорлор кеӊешинин азыркы курамын толук колдоп добуш беришкенин билдирет.

Кɵз карандысыз акционерлердин («Кыргызалтын» ААК ɵкүлдɵрү эмес) орточо алганда 98%дан ашууну компаниянын Директорлор кеӊешине сунушталган талапкерлер үчүн добуш берген. Тɵмɵндɵ добуш берүүнүн кеӊири маалыматын келтиребиз:

votes_BoD_kg

«Кыргызалтын» ААКы Э.Кубатовдун, Н.Кыштобаевдин жана Б.Сагыновдун кандидатураларынан тышкары бардык талапкерлер боюнча добуш берген жок.