Вакансия жабык
КУМТОР ГОЛД КОМПАНИ
ТОО-КЕН ИШТЕРИ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР (БИШКЕК)
бош ордуна сынак жарыялайт
Билдирүүнүн номуру: KS-20-37
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
- Локалдык долбоорлорду, жумуш аткаруу жерлеринин долбоорлорун жана тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн календардык планын иштеп чыгуу;
- Тоо-кен иштерин оптимизациялоого, тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн жылдык (перспективдик) планын, тоо-кен иштери боюнча ай-сайын даярдалуучу отчетторун, 5ГР отчетторун жана тоо-кен иштерин өнүктүрүү боюнча жылдык программаларды иштеп чыгууга катышуу;
- Өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн жана кен казуунун салыштырма анализин такай аткаруу;
- Карьердеги өндүрүштүк шарттарды такай изилдөө жана тоо-кен өндүрүштүк планын аткаруудагы болжолдуу тобокелдиктерди өз убагында аныктоо, ошондой эле тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын аткаруу үчүн оптималдуу долбоорлорду иштеп чыгуу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- «Тоо-кен инженери» адистиги боюнча жогорку билим;
- Эмгек тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет;
- Тоо-кен ишканаларында долбоорлоону уюштуруу, ачык тоо-кен иштерин аткаруунун баардык процесстеринин технологиясын жана аларды комплекстүү механизациялоону билүү;
- Долбоордук документация менен иштей билүү;
- Нормативдик документацияны жана ачык тоо-кен иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздук эрежелерин билүү, ошондой эле кен жайгашкан жерлерди жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укук актыларын билүү;
- AutoCAD, GEMS, Datamine – тоо-кен иштеринде программалык камсыздоону билүү жана иштөө.
Анкета жана резюмени 2020-ж. 23 сентябрь саат 16:00-чейин HR_Kumtor@centerragold.com электрондук почта аркылуу же региондогу КГКнын кеңселерине (Каракол ш., Балыкчы ш.) тапшырсаңыз болот.
Анкетаны бул жерден жүктөп алсаңыз болот.
Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KS-20-37.
Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.