27.11.2020: 9.38 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 726 028 565 USD

ДАРЫГЕР (Кумтѳр ишканасынын бардык аянттарында)

Жарыяланган: 14 December 2015

БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ

КЫЗМАТ МИЛДЕТТЕРИ:

• Ишкананын бардык жумушчуларына жогорку сапаттагы алгачкы медициналык жардам кызматын кѳрсѳтүү;
• Кайрылган бейтаптардын маселелерине ылайык дарт баяндамаларын толтуруу, диагноз кою, медициналык кароо жүргүзүү, дарылоо жана, зарылдыгы болсо, адис дарыгерлерге жолдомо берүүнү камтыган иш чараларды кѳрүү;
• Жумуш ордунда болгон кырсыктын кесепетинен жарадар болгон, жеңил жаракат алган жана күтүлбѳс ооруга чалдыккан жумушчуларга медициналык кызмат кѳрсѳтүү;
• Дарылоо курсун белгилѳѳ жана керектүү дары-дармектерди жазып берүү;
• Ишкананын программаларына ылайык бардык кызматчыларды ден соолукту коргоо жѳнүндѳ кабардар кылуу;
• Медайымдардын жумушун башкаруу жана координациялоо;
• Медициналык жайга келе албаган бейтаптарга шашылыш түрдѳ да, жумуш убактысынан тышкары да, чалып, телефон аркылуу медициналык жардам кѳрсѳтүү;
• Ишкананын саясатына ылайык, регулярдуу отчетторду жазуу;
• Бардык жумушчулардын жылдык жана мезгилдүү медициналык кароо жыйынтыктарынын маалымат базасын тутуу;
• Медициналык шаймандарды ишке жарактуу абалда сактоо жана үзгүлтүксүз түрдѳ текшерип туруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

• Жалпы дарыгерлик практика боюнча жогорку билимдин ээси болуу (6 жыл+2 жыл ординатура);
• Амбулатордук же госпиталдык мекемеде 5 жылдан кем болбогон иштѳѳ тажрыйбасына ээ болуу;
• Эл аралык мекемеде иштѳѳ тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
• Орус жана англис тилдерин эң жогорку деңгээлде билүү; кыргыз тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
• Жалпыга тараган офис колдонмолорун жана маалымат базалары менен бейтаптарды медициналык каттоо программаларын эң жогорку деңгээлде колдонобилүү;
• Мыкты физикалык ден соолукка ээ болуу;
• Стресстүү шарттарда коллектив менен жакшы мамиледе болуу жана иштешебилүү;
• Ишкананын ѳндүрүштүк объектилеринде вахталык негизде иштѳѳ мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болуу.

Анкета жана резюмелер HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же болбосо 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 10 кабат дарегине, 25-декабрь 2015ж., саат 16:00 чейин жиберилүүсү зарыл.

Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот

Анкетанын ичинде, заявканын номери сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек: BI-15-06.

Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикация“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү мектептердин чоӊ класстарынын окуучулары үчүн тааныштыруу экскурсияларын ɵткɵрүшүүдɵ Следующая публикацияКумтɵрчүлɵр Кара-Балта шаарында кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү
27.11.2020: 9.38 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 726 028 565 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.