25.01.2021: 10.91 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 844 453 267 USD

Маалымат базасы боюнча инженер (КУМТӨР КЕНИНДЕ)

Жарыяланган: 19 June 2014

БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ

МИЛДЕТТЕРИ:

Маалымат базасын башкаруу, оперативдүү анализ жүргүзүү, тартиптелген отчетторду иштеп чыгуу, тоо-кен иштерин диспетчеризация процесстерин колдоо. Маалыматты текшерүү жана отчетторду даярдоо. Маалыматтын анализин жүргүзүү, маалыматтын сапатын текшерүү жана камсыздоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

• SQL маалымат базалары жагында адистик менен маалымат технологиялары жана программаларды жазуу жагынан жогорку билимге ээ болуу. Тоо-кен иштери жагында экинчи жогорку билим артыкчылык болуп эсептелинет.
• SQL маалымат базаларын программдоо жагында мыкты билим жана көндүмдөр, аларды өндүрүштө колдонуу тажрыйбасы, долбоорлоо параметрлерин, эсплуатациялоо режимин жана техникалык тейлөө ыкмаларын билүү.
• Жогорку компьютер колдонуу көндүмдөрү – төмөндөгүдөй программаларды билүү Microsoft Office, Linux, Crystal Reporting, VBA, SSRS.
• Адистик боюнча эң аз 2 жыл иштөө тажрыйбасы.
• Техникалык деңгээлде англис тилин билүү.
• Айдоочунун күбөлүгүнө ээ болуу («В» категориясы)

Анкета жана резюмени 2014-ж. 1-июлда саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 ( «Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегинде тапшырсаңыз болот.

Анкетаны бул жерден же жогоруда берилген даректе алсаңыз болот.

Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KS-14-59

Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияБашкы ашпозчу (Кумтөр кенинде) Следующая публикацияТокарь (Кумтөр кенинде)
25.01.2021: 10.91 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 844 453 267 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.