«Кумтɵр Голд Компанини» Дэниел Дежарден жетектеп калды

«Кумтɵр Голд Компанини» Дэниел Дежарден жетектеп калды

Жарыяланган: 20 January 2015

Дэниел Дежарден
2015-жылдын 20-январынан баштап «Кумтɵр Голд Компани» компаниясынын президентинин милдетин аткарууга Дэниел Дежарден киришти, ал бул кызматта Майкл Фишерди алмаштырды.

Дэниел Дежардендин эл аралык тоо-кен секторунда 26 жылдык ишмердүүлүк тажрыйбасы бар: ал Канадада, АКШда, Австралияда, Индонезияда жана бир катар африкалык ɵлкɵлɵрдɵ иштеген. 10 жыл аралыгында Дэниел Дежарден «Ньюмонт Голд» компаниясы менен кызматташкан, ошондой эле «Фрипорт МакМоРан Коппер Энд Голд» компаниясында бир катар жооптуу кызматтарды ээлеген. Дэниел Дежардендин акыркы иш оруну – Сьерра-Леондо темир рудасын казып алуу менен алектенген «Лондон Майнинг Компани» компаниясында болгон, анда башкаруучу директор кызматын аркалаган.

Дэниел Дежарден Маунт Эллисон (Канада) университетинде алган соода бакалавры даражасына ээ, ошондой эле магистр (тоо-кен ɵнɵр жайынын экономикасы) жана ишкер админстрациялоо магистри (Куртин технологиялык университети, Австралия) ээ. Мындан тышкары, ал Онтарио штатынын ыйгарымдуу коомдук бухгалтери болуп саналат.

Мурда компанияны жетектеген жана “Кумтɵр” долбооруна олуттуу салым кошкон Майкл Фишер башкы офиси Анкара шаарында (Түркия) болгон «Оксут Маденчилик» долбоорунун башкы менеджери катарында «Центерра Голд Инк.» менен кызматташууну уланта турганын белгилеп коелу.