12.08.2020: 12.01 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 929 595 209 USD

“Центерра Голд” компаниясы бир акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд төлөп берүү жөнүндө жарыялайт

Жарыяланган: 04 May 2020

Торонто, Канада, 2020-жылдын 1-майы: “Центерра Голд Инк.” компаниясы бүгүн компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд, тактап айтканда 11 752 650 канада доллары (же жалпысынан болжол менен азыркы курс боюнча 8,3 млн. АКШ доллары) төлөп берүүгө чечим кабыл алганын жарыялады. Жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндөгү дивиденд 2020-жылдын 21-майына карата катталган бардык акционерлерге 2020-жылдын 4-июнунда төлөнмөкчү. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

“Центерра” компаниясы COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу кырдаалдардын өнүгүшүнө, анын компаниянын келечектеги иштиктүү активдүүлүгүнө тийгизген таасирин баалоого аракеттенүү менен көңүл коюп байкоону улантууда. Компания азыркы учурдагы кырдаалдын өнүгүү перспективаларын баалоо менен, дивиденддерди эсептөөдө Директорлор кеңеши тарабынан адаттагыдай эле эске алына турган башка бардык факторлордон тышкары, дивидеденддерди бөлүштүрүү программасын ишке ашырууда COVID-19 вирусунун жайылышы кандай жана канчалык даражадагы кесепеттерди алып келерин  тыкыр талдоого мажбур болорун белгилейт. “Центерранын” дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Компания жөнүндө

“Центерра Голд” – Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания. Компания Борбор Азиядагы алтын өндүрүүчү эң ири батыш компаниясы болуп эсептелет. “Центерранын” эң негизги эки ишканасы болуп  Кыргыз Республикасындагы “Кумтөр” алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы “Маунт Миллиган” алтын кени саналат. Азыркы учурда ал 100% ээлик кылган үчүнчү – Түркиядадагы “Оксют” кен ишканасынын да ээси болуп эсептелет. Центерранын акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG белгиси менен жүгүртүлөт.  Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын (Онтарио провинциясы) Торонто шаарында жайгашкан.

Толук маалымат алуу үчүн байланышуучу адам:

Джон Пирсон,
Инвестициялар боюнча Вице-президент

(416) 204-1953,  john.pearson@centerragold.com

«Центерра» компаниясынын иши жөнүндө толук маалыматты Компаниянын www.centerragold.com веб-сайтынан жана SEDAR www.sedar.com. Веб-сайтынан таба аласыздар.

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компани» компаниясы Каракол шаарындагы зоопаркка жардам көрсөттү Следующая публикация2020-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары
12.08.2020: 12.01 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 929 595 209 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.