“Центерра Голд” компаниясына Кумтөр кенине толук контролду алып берүү максатында Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчилигинин “Камеко” жана “Центерра Голд” компаниялары менен түзгөн коррупциялык бүтүмү жөнүндө

“Центерра Голд” компаниясына Кумтөр кенине толук контролду алып берүү максатында Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчилигинин “Камеко” жана “Центерра Голд” компаниялары менен түзгөн коррупциялык бүтүмү жөнүндө

Жарыяланган: 17 September 2021

“Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу боюнча толук контролду өз колуна алуу максатында “Камеко” корпорациясы жана ал түзгөн “Центерра Голд” компаниясы, Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен көмүскө бүтүм түзүшүп “Центерра Голддун” акционердик капиталында кыргыз тараптын үлүшүн атайылап азайтышкан.

2013-жылы жүргүзүлгөн комплекстүү соттук-экономикалык экспертизанын корутундусуна ылайык ААК “Кыргызалтындын”  “Центерра Голд” компаниясындагы акциялар үлүшү 33% эмес 58,7% түзүүгө тийиш болчу, башкача айтканда 25,7%га же акчалай каражаты менен 2003-жылдын маалыматына ылайык 171,5 млн. АКШ долларга азайтылган  (азыркы баа менен 457,2 млн.АКШ долларына барабар).

“Ю. Мушкат” жана “Ю Барлев” эл аралык юридикалык жана аудитордук компаниялар документтерин жана финансылык агымдарын эксперттик талдоо жасашып жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорунун реструктуризациясына байланыштуу “Камеко” жана “Центерра Голд” компанияларынын жетекчилигинин коррупция, жасалма аналитикалык маалыматтар жана акчаларды адалдоо аракеттерин далилдеген фактыларын аныктаган. Эл аралык юристтер жана аудиторлор кээ бир шектүү төлөмдөргө көңүл бурушту, алардын ою боюнча бул “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча макулдашууларды түзүүдө КР чиновниктеринин “кызматтары” үчүн акы төлөө жолу болушу мүмкүн болгон. Кызмат адамдарына карата жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында жана сот тарабынан чыгарылган өкүмдүн негизинде коррупция фактылары тастыкталган.

“Кумтөр” долбоорун жалпы ишке ашыруу учурунда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК тарабынан өзүнүн жалгыз акционери “Центерра Голдко” төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 1,5 млрд. доллардан ашкан. Ал эми мыйзамсыз, негизсиз чечимдерди кабыл алган жана “Центерра Голд” компаниясына өлкөнү 18 жыл бою жазасыз тоноого уруксат берген кызмат адамдарынын иш-аракеттерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жоготуулары эң аз дегенде болжол менен 900 млн. АКШ  долларын түздү.