“Кумтөр Голд Компани” ЖАКдун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтурук Кыргызстандын экологторун айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКдун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтурук Кыргызстандын экологторун айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады

Жарыяланган: 04 June 2021

“Кумтөр Голд Компанин” ЖАКдун убактылуу тышкы башкаруучусу  Тенгиз Бөлтүрүк мырза Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин экология жана климат боюнча төрайымын Динара Кутманованы жана ведомствонун жамаатын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча дүйнөлүк кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо бүгүнкү күндө Кыргызстандагы, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги эң башкы маселелердин бири болуп калды. Көптөгөн өлкөлөр глобалдык экологиялык коркунучтарды ооздуктоо боюнча дүйнөлүк коомдун аракеттерине активдүү киришүүдө. Бүгүнкү күндө биздин өлкө айлана чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга негизделген принциптерди киргизип жатат. Албетте, бул иште биздин мекендеш экологтордун эмгеги чоң. Кыргызстандын экология адистеринин кайраттуулугуна, алардын өз принциптерине бекем тургандыгына жана кесипкөйлүгүнө баа берип терең ыраазычылык билдирем. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин түзүлүшү өлкөдөгү жаратылышты сактап, бекемдөөгө багытталган мамлекеттик бийликтин маанилүү кадамы болду. Дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чараны экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети уюштуруп, ал жерде өзүнүн куттуктоо сөзүндө “Ведомствонун бийик макамасы Кыргызстандагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин күчөтүүсүнө жардам берет” деп Тенгиз Бөлтүрүк мырза белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Динара Кутманова болсо “мындан ары, ушул жылдан баштап Кумтөр Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылат” деп айтып кетти. “Кумтөр” маселеси айлана-чөйрөнү коргоо боюнча калктын көңүлүн буруп, ошондой эле бардык кайдыгер эмес, жана экологтордун өздөрүн дагы бириктирди деп бардык катышуучулар белгилешти.  Алдыда өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн кыйла маселелердин чечилүүсү күтүлүүдө.

Салтанаттуу иш-чарада Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын экологиялык кызматын түзүүнүн башатында турган бир катар ардагерлерине Кумтөрдүн атынан эстелик белектерди тапшырып, аларга чың ден соолук, узак өмүр, тынчтык жана бакубатчылыкты каалап айтты.