«Центерра Голд Инк» Компаниясы Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтү менен түзүлгѳн Стратегиялык Келишимдин күчүнѳ кирүүcүн жарыялайт

«Центерра Голд Инк» Компаниясы Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтү менен түзүлгѳн Стратегиялык Келишимдин күчүнѳ кирүүcүн жарыялайт

Жарыяланган: 28 August 2019

Торонто, КАНАДА – 2019-ж. 26-августу– Бүгүн «Центерра Голд Инк» Компаниясы (мындан ары – «Центерра») (TSX: CG) Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтү (мындан ары КР Ɵкмѳтү) менен мурун түзүлгѳн Айлана-чѳйрѳнү коргоо жана инвестицияларды ѳнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин (мындан ары – Стратегиялык Келишим) шарттарына ылайык Кумтѳр долбооруна тийиштүү бүтүрүлбɵгɵн жергиликтүү юридикалык териштирүүлɵрдүн жоюлушу жана ошондой эле Туруктуу арбитраждык сотто каралып жаткан эл аралык арбитраждык процесстин токтотулушу тууралуу жарыялады.

Бул болсо тараптардын Стратегиялык Келишим боюнча Экинчи акыркы мɵɵнɵткɵ жетишкенин билдирет. Натыйжада, Стратегиялык Келишим боюнча бардык милдеттенмелер күчүнѳ кирет, анын ичинде жоопкерчиликти жѳндѳѳ жана бошотуу милдеттенмелери жана ошондой эле КР Ɵкмѳтү тарабынан түзүлгɵн ар кандай жаратылыш коргоо жана социалдык фондуларына салым кошуу боюнча «Кумтѳр Голд Компани» ЖАКунун милдеттенмелери да бар.

Центерранын президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп билдирди: «Стратегиялык Келишимдин күчкѳ кириши КР Ɵкмѳтү менен түзүлгɵн күчтүү алакалашуубузду мындан да ары бекемдейт жана Кумтѳр долбоорунун тарыхында дагы бир бурулуш учуру болуп эсептелинет. Стратегиялык Келишим тарабынан түзүлгɵн аныктык Центерра менен Кыргыз Республикасынын пайдасы үчүн тɵмɵнкү иштерди улантууга мүмкүндүк берет: Кумтѳр долбоорунун запастары менен ресурстарын кѳбѳйтүү, кендин иштетүү мѳѳнѳтүн узартуу, анын ѳндүрүмдүүлүгү менен кирешелүүлүгүн жогорулатуу, социалдык программаларын жүзɵгɵ ашыруу боюнча колдоо кɵрсɵтүү, жана ошондой эле айлана-чѳйрѳнү коргоо».

Стратегиялык Келишимдин шарттары, анын аткаруу мѳѳнѳттѳрү жана кошумча макулдашуулар тууралуу кенен маалыматты SEDAR системасында (Канадалык электрондук талдоо жана документтерди издѳѳ системасы) толук жарыяланган Стратегиялык Келишимдин текстинен, Компаниянын 2017-ж. 11-сентябырындагы жана 2019-ж. 7-августундагы маалыматтык билдирүүлѳрүнѳн, жана ошондой эле 2019-ж. 21-мартта чыккан Жылдык маалымат формасынан алсаңыз болот.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда 100% ээлик кылган «Оксут Голд» кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кошумча маалымат үчүн:

Джон У. Пирсон, инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-Президент

john.pearson@centerragold.com

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук пресс-релиз www.centerragold.com

-соңу-