“Центерра Голд” Компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон шарттардын аткарылганы тууралуу жарыялайт

“Центерра Голд” Компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон шарттардын аткарылганы тууралуу жарыялайт

Жарыяланган: 09 August 2019

Торонто, Канада –  2019-ж. 7-августу,  – “Центерра Голд Инк.” Компаниясы (мындан ары – “Центерра”) (TSX: CG) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-жылы 11-сентябрда түзүлгөн Стратегиялык келишимдин күчүнө киришин алдын алуучу бардык шарттардын аткарылганын билдирет, ошентип бардык тараптар (Стратегиялык келишимде аныкталган) Биринчи акыркы мөөнөт аяктаганын тастыкташты. Стратегиялык келишимдин бардык тараптары мындан ары “Кумтөр” долбооруна тийиштүү бүтүрүлбөгөн юридикалык териштирүүлөрдү токтотуу үчүн чара көрүшөт, тагыраак айтканда Туруктуу арбитраждык сотто каралып жаткан эл аралык арбитраждык процессти, жана ошондой эле кээ бир жарандык териштирүүлөрдү.

 

Арбитраждык жана жарандык териштирүүлөр токтотулган күндөн (Экинчи акыркы мөөнөт) кийин, Центерранын Кыргыз Республикасындагы “Кумтөр Голд Компани” туунду ишканасы (мындан ары – “КГК”) Стратегиялык келишимде каралган төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо фондуна жана Онкологиялык кызматты колдоо фондуна чегерет. Ал эми Экинчи акыркы мөөнөт 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде аяктооруна Компаниянын үмүтү чоң.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча, КГК өзүнө төлөмдөр боюнча бир катар кошумча милдеттенмелерди алган (Кошумча төлөмдөр) (Стратегиялык келишимде көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн тышкары). Анын максаты Кыргыз Республикасында ишмердик жүргүзүү үчүн керек болгон “социалдык лицензиясын” бекемдөө.  Атап айтканда КГК төмөнкү төлөмдөрдү жүзөгө ашырат:

 

  • Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна (мындан ары – Регионду өнүктүрүү фонду) 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөм Экинчи акыркы мөөнөт башталгандан кийин 5 күндүн ичинде;

 

  • Регионду өнүктүрүү фондуна 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөм Экинчи акыркы мөөнөт башталгандан кийин 12 ай ичинде;

 

  • Регионду өнүктүрүү фондуна “Кумтөр” долбоорун иштетүүдөн түшкөн кирешенин 0,4% өлчөмдө айлык төлөмдөр, Экинчи акыркы мөөнөт башталгандан кийин;

 

  • Кыргыз Республикасынын Жаратылышты өнүктүрүү фондунун пайдасына 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө жыл сайын төлөмдөр; дагы

 

  • “Кумтөр” долбоорунда чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 16 млн кем АКШ доллар өлчөмүндө каражат эки жыл ичинде; Компания бул каражатты 2019-жылдын аягында черегүүнү карап жатат.

 

Бул төлөмдөр жана чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алган милдеттенмелери жана Стратегиялык келишимде каралган алды алуучу шарттар  менен шартталган.

 

Скотт Перри, Центерранын президенти жана башкы кызмат адамы мындай деди: Стратегиялык келишимдин күчүнө кириши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Центерра ортосундагы бекем алакалашуулардын далили.  Стратегиялык келишимдин күчүнө кириши акыркы бир нече жолу узартылган, ал эми тараптар болсо алдын алуучу шарттарды толук аткаруу үстүндө биргелешип иштеп жатышты жана ага жетишти. Бул Өкмөттүн Кумтөр долбоорунун жана келечек тоо-кен иштеринин коммерциялык туруктуулугун камсыздоого ниеттенгенин билдирет.”

Жогоруда белгиленгендей, Стратегиялык келишимде “Кумтөр” долбооруна тиешелүү бардык маселелердин жоюулушу каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кумтөр” долбоорунун ишмердигин жөнгө салган 2009-жылдан бери түзүлгөн келишимдер жана анда каралган салык менен фискалдык режимдер толук күчүндө калаарын тастыкташты.  Стратегиялык келишимдин шарттары жана мөөнөттөрү боюнча кенен маалыматты, SEDAR маалыматтык-электрондук издөө системасында (www.sedar.com) жарыяланган Стратегиялык келишимдин текстинен, ошондой эле Компаниянын 2017-жылдын 11-сентябрындагы билдирүүсүнөн жана 2019-жылдын 21-мартындагы Жылдык маалыматтык формасынан алууга болот.

Центерранын жетекчилиги тарабынан карап чыгуу

Центерранын Директорлор кеңешинен көзкарандысыз мүчөлөрүнөн турган атайын комитети, Стратегиялык келишим жана кошумча төлөмдөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ишин көзөмөлдөгөн. Атайын комитет Центерранын Директорлор кеңешине Кошумча төлөмдөрдү бекитүүнү сунуштады жана бул сунушту да, мындан башка тиешелүү факторлорду эске алып, Компаниянын Директорлор кеңеши бир добуштан Кошумча төлөмдөрдү бекиткен.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда 100% ээлик кылган «Оксут Голд» кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кошумча маалымат үчүн:

Джон У. Пирсон, инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-Президент

john.pearson@centerragold.com