«Центерра» компаниясы «Кумтөр» кени 2016-жылга карата төгүүлөрдү жана чыгарууларды аткарууга уруксат алганын билдирет

«Центерра» компаниясы «Кумтөр» кени 2016-жылга карата төгүүлөрдү жана чыгарууларды аткарууга уруксат алганын билдирет

Жарыяланган: 24 June 2016

23-июнь 2016-ж.Торонто, Канада,: «Центерра» компаниясы Кыргыз Республикасында жайгашкан «Кумтөр» ишканасы Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен (КТЧКжТЧМА) 2016-жылга карата Стационардык булгоо булактарынан атмосферага чектелген нормадагы булгоочу заттарды чыгарууга уруксат кагазын алганын билдирет.

Уруксат 2016-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу. Бул чектелген нормадагы чыгаруулар боюнча КТЧКжТЧМА тарабынан 2014-жылдан бери бергилген биринчи уруксат. Буга чейин, ишкананын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн, кен жайы КТЧКжТЧМАны 2014-жылкы уруксаттын мөөнөтүн улам узартуунун негизинде иштеп келген. Андан сырткары, «Кумтөр» ишканасы, тазаланган чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк агындыларды төгүү мүмкүнчүлүгү каралган, чектелген нормадагы төгүүлөр боюнча долбоорлору үчүн КТЧКжТЧМАнын макулдугун алды.

2016-жылдын 30-июнуна чейин, 2016-жылга карата Борбордук карьерди иштетүүнүн атайын долбооруна экологиялык экспертизанын (бекитилүүсү) алынуусу да күтүлүүдө. Чектелген нормадагы чыгаруулар жана төгүүлөр боюнча уруксаттарды 30-июнга чейин алуу, Кумтөрдүн 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананын үзгүлтүксүз иштешине талап болгон бардык уруксат кагаздарына ээ болгонун билдирмекчи.

«Центерра» компаниясы жɵнүндɵ: «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын ɵндүрүүчү компания. “Центерра” Борбор Азиядагы алтын ɵндүрүүчү ири батыш компаниясы болуп саналат. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын Онтарио штаты, Торонто шаарында жайгашкан.

«Центерра» жɵнүндɵ кошумча маалымат www.centerragold.com корпоративдик сайтында жана маалыматты электрондук издɵɵнүн SEDAR системасында жеткиликтүү.