«Центерра» «Кумтөр» компаниясынын дарегине апелляциялык арыздар Бишкек шаардык соту тарабынан четке кагылганы жөнүндө маалымдайт

«Центерра» «Кумтөр» компаниясынын дарегине апелляциялык арыздар Бишкек шаардык соту тарабынан четке кагылганы жөнүндө маалымдайт

Жарыяланган: 16 December 2013

centerra«Центерра Голд Инк.» Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (КТЧжТКМИ) тарабынан төмөнкүлөр боюнча мурда коюлган экологиялык дооматтарга карата берилген үч апелляциялык арызды четке какканын билдирди:

– Петров көлүнөн сууну акы төлөнбөй пайдалангандык үчүн;
– эсепке алынбаган өнөр жай жана тиричилик калдыктары үчүн; ошондой эле
– жер ресурстарына (топурактын үстүнкү катмарына) келтирилген зыян үчүн.

Бишкек шаардык соту арыздарды четке какты жана мурда кабыл алынган соттук чечимдерди күчүндө калтырды. Бул дооматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ААКсы, “Центерра” жана “Кумтөр” компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун жаңы редакциясындагы учурдагы эл аралык арбитраждык макулдашылгандын предмети болуп саналат.

«Центерра» доолордо коюлган айыптоолорго макул эмес жана мурдагыдай эле дооматтарды апыртылган жана негизсиз деп эсептейт. “Кумтөр” долбоору “Центерранын” Директорлор кеңешинин Коопсуздук, саламаттыкты жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин өтүнүчү менен “Кумтөр” тарабынан коопсуздук, саламаттыкты жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелердин аткарылуусун тыкан иликтеп чыккан көз карандысыз эл аралык таанылган эксперт тарабынан системалуу текшерүүлөрдүн жана изилдөөлөрдүн предмети болгон. Бул отчет 2012-жылдын октябрында жарыяланган жана “Кумтөрдүн” https://www.kumtor.kg веб-сайтында “Курчап турган чөйрө” бөлүгүндө жеткиликтүү.

“Центерранын” пресс-релизинин толук тексти менен компаниянын веб-сайтынан www.centerragold.com таанышууга болот.