«Центерра Голд» Компаниясынын Кыргыз Республикасынын ММКларынын «Кумтөр» долбоору боюнча билдирүүлөрүнө жооп кайтарган билдирүүсү

«Центерра Голд» Компаниясынын Кыргыз Республикасынын ММКларынын «Кумтөр» долбоору боюнча билдирүүлөрүнө жооп кайтарган билдирүүсү

Жарыяланган: 28 January 2013

Centerra Gold Inc.«Центерра Голд» компаниясы Кыргыз Республикасынын ММКларынын «Кумтөр» долбоору боюнча билдирүүлөрүнө жооп кайтарган билдирүү жасады. Бул билдирүүдөн улам, Өкмөттүн 2013-жылдын 24-январындагы отурумунда премьер-министр Ж.Сатыбалдиев мырза жана экономика министри Т.Сариев мырза жарыя билдирүүлөрдү жасашканы, аларда «Кумтөр» долбоорун текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын айрым рекомендацияларына колдоо айтылганы (мамлекеттик комиссия жөнүндө кененирээк «Центерранын» 2012-ж. 7-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсүн караңыз) белгилүү болот. ММКлардын билдирүүлөрүнөн улам, мамлекеттик комиссиянын төрагасы да болуп саналган Сариев мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн долбоордон жаңы салыктык режимди жана курчап турган чөйрөгө таасир эткендиги үчүн жогорулатылган төлөмдөрдү белгилөөгө макулдукту талап кылуу максатында «Кумтөр» долбоорунун ишмердүүлүгүнүн шарттары жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. ММКлар билдиргендей, Премьер-министр Сатыбалдиев да өкмөттө «Кумтөр» долбоорун улутташтыруу ниети жоктугун тастыктады жана компания менен андан аркы консультацияларды жүргүзүүнү каалагандыгын билдирди.

«Центерра» маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүү максатында Кыргызстандын өкмөтү менен консультацияларды улантууга даяр. Бирок, ошол эле учурда, окуялар дал ушул багытта өнүгө тургандыгына эч кандай кепилдик жок. «Центерра» «Кумтөр» долбоору менен байланышкан ар кандай маселелерди талкуулоодо азыркы учурда аракеттеги укуктук кепилдиктер жана аткарылууга тийиштүү болгон милдеттенмелер эске алынуу керектигин белгилейт. Атап айтканда, «Кумтөр» долбоору өз ишмердүүлүгүндө 2009-жылдын июнунда кол коюлган макулдашууларды, анын ичинде кайра каралган инвестициялык макулдашууну (башкача айтканда «Долбоор боюнча макулдашуу» деген жалпы аталыштагы документтерди) жтекчиликке алат, аларга ылайык, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүнө конкреттүү аныкталган салык салынат. Долбоор боюнча макулдашуулар Кыргыз Республикасынын бардык зарыл мамлекеттик мекемелери, анын ичинде өкмөт жана парламент тарабынан бекитилген. Андан тышкары, Долбоор боюнча макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертизасынын корутундусу жана Кыргыз Республикасынын Коснтитуциялык сотунун чечими да бар. «Центерра» аларда зарыл болгон учурда талаш маселелерди эл аралык арбитраж жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү да каралган Долбоор боюнча макулдашуулар өздөрүнүн мыйзамдуу күчүн сактоону улантып жаткандыгына таянат.

«Кумтөр» кен ишканасы аракеттеги план боюнча иштөөсүн улантууда.