Центерра Голд компаниясы «Кумтɵр Голд Компанинин» Бишкек офисиндеги тинтүү жɵнүндɵ билдирет

Центерра Голд компаниясы «Кумтɵр Голд Компанинин» Бишкек офисиндеги тинтүү жɵнүндɵ билдирет

Жарыяланган: 29 April 2016

Торонто, Канада, 2016-ж. 28-апрели: Центерра Голд (TSX CG) (мындан ары «Центерра» же «Компания») Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка укук коргоо кызматтары Центеррага толук таандык Кыргыз Республикасындагы туунду компания «Кумтɵр Голд Компанинин» (КГК) офисинде тинтүү жүргүзүшкɵнүн билдирет.

Тинтүү 2016-ж. 28-апрелинде түштɵн кийин жүргүзүлгɵн. Башкы прокуратура чыгарган пресс-релизге ылайык, тинтүүнүн максаты КГКда кездешкен имиш делген Центерра менен КГКнын ортосундагы мурдагы ички корпоративдик транзакциялар менен байланышкан финансылык бузуулар боюнча кылмыш ишине тиешеси бар документтерди чогултууда турган.

Жакында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү Центерранын жана «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүн жɵнгɵ салуучу учурда болгон макулдашууларга ɵзүнүн нааразылыгын билдирди. Ɵкмɵт тарабынан Центерра жана КГК тараптан жетектɵɵгɵ жана башкарууга карата, ошондой эле «Кумтɵр» долбоорунун алкактарындагы иштɵɵгɵ карата мурда коюлган белгилүү бир кооптонуулар жана жана дооматтар кайталанып айтылган. Ɵкмɵт бул маселелерди Центеррага берилүүчү сунуштарга ылайык чечүүнү каалаганын да билдирген. Центерра, ɵз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ учурда болгон маселелер Центерранын бардык акционерлеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен адилет чечилүүсү үчүн сунуштарды кароого жана талкуулоого ɵзүнүн даярдыгын билдирген. Бүгүнкү күнгɵ карата Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен эч кандай сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлбɵгɵн.

Мурда билдирилгендей, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү бир катар кооптонууларды, анын ичинде 2013-ж. Центерранын пайдасына КГК компаниясынын ички корпоративдик дивиденддеринин тɵлɵнүп берилүүсүн билдирген. Компания ички корпоративдик дивиденддерди тɵлɵп берүү «Кумтɵр» долбоору боюнча ишмердүүлүктү жɵнгɵ салуучу 2009-жылдагы макулдашууларга (мындан ары «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулар») жана Кыргыз Республикасынын бардык колдонулуучу мыйзамдарына ылайык тɵлɵнүп берилгенин кайталап билдирет. Мындан башкасы жɵнүндɵ бардык билдирүүлɵр негизсиз болуп саналат.

Компания «Кумтɵр» долбоорун жүзɵгɵ ашырууда дайыма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тыгыз жана конструктивдүү диалог жүргүзүп келген жана анда учурда болгон бардык маселелерди зарыл болгон учурда эл аралык арбитраждык сотто кароо каралган «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкагында чечүү үчүн алар менен кызматташууну улантууга ниеттенүүдɵ. Ошентсе да, Компания «Кумтɵр» долбоору боюнча келип чыккан айрым же бардык маселелерди ийгиликтүү чече ала тургандыгына кепилдик жок. Ɵкмɵт менен Центерранын ортосундагы кандайдыр-бир сүйлɵшүүлɵр жыйынтыгында ɵз ара алгылыктуу чечимге келе тургандыгына; же мындай чечимдер Кыргызстандын жана Канаданын мыйзамдарынын алкактарында зарыл жактырууну ала тургандыгына; же Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү жана/же Жогорку Кеӊеши тарабынан «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкактарында Ɵкмɵт ɵзүнɵ алган милдеттенмелер менен дал келбеген, «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашууларды денонсациялаган же алып салууну же жараксыз деп таанууну сунуш кылган мыйзамды же аларга тиешеси бар мыйзамдарды да кабыл алып жиберүүгɵ чейинки кандайдыр-бир аракеттер кабыл алынбай тургандыгына да кепилдик жок.

Бардык маселелерди ийгиликтүү жɵнгɵ салууга жɵндɵмсүздүк Компаниянын болочок акча агымдарына, кирешелерине, ɵндүрүштүк натыйжаларына жана финансылык абалына олуттуу терс таасир кɵрсɵтмɵкчү.

Центерра компаниясы жɵнүндɵ. Центерра Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. Центерра Борбор Азиядагы ири алтын ɵндүрүүчү батыш компаниясы. Центерранын акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана SEDAR маалыматты электрондук издɵɵ системасында жеткиликтүү.