«Центерра Голд Инк» Монголиянын Парламентинин Гацуурт кени боюнча Резолюциясы жɵнүндɵ билдирет

«Центерра Голд Инк» Монголиянын Парламентинин Гацуурт кени боюнча Резолюциясы жɵнүндɵ билдирет

Жарыяланган: 08 February 2016

Торонто, Канада, 2016-ж. 4-февралы: «Центерра Голд Инк» (TSX: CG) Монголиянын Парламенти резолюция кабыл алганын жарыялайт, ага ылайык, Гацуурт долбоорундагы мамлекеттин үлүшү 34% ɵлчɵмдɵ белгиленет, а Ɵкмɵткɵ Центерра менен бул үлүштүн берилүү шарттары жɵнүндɵ сүйлɵшүүлɵрдү аяктоо ыйгарымы тагылат. 2015-ж. октябрында Компания менен Ɵкмɵттүн ортосунда мамлекеттин долбоордогу 34%дык үлүшүн алмаштыруучу 3% ɵлчɵмүндɵгү атайын лицензиялык тɵлɵм (бул лицензиялык тɵлɵм Монголиянын учурдагы жер казынасын пайдалануу үчүн лицензиялык тɵлɵмдɵрдү жана салыктарды тɵлɵɵ режимине кошумча киргизилген) жɵнүндɵ келишимге жетишилген. Ɵкмɵт менен биздин талкууларыбыздан улам, Центерра кабыл алынган резолюция Ɵкмɵт менен Центерранын ортосундагы бул келишимди бекитүү үчүн Ɵкмɵткɵ тескɵɵ болуп саналат деп болжолдойт.

Центерранын башкы аткаруучу директору Скот Перри: «Парламенттин резолюциясы Гацуурт долбоорун жүзɵгɵ ашырууда ɵтɵ маанилүү кадам. Гацуурт долбоору – бул Бороо кен ишканасындагы Центеррага таандык учурдагы фабриканы жана башка инфраструктураны анын запасы 1,6 млн. унция алтынга барабар Гацуурт кенин баштапкы капиталдык салымдардын олуттуу эмес кɵлɵмдɵрүн гана пайдалануу менен иштетүү үчүн пайдалануунун кызыктуу мүмкүнчүлүгү. Азыр Компания ɵз аракеттерин Монголиянын Ɵкмɵтү менен инвестициялык макулдашууну жеткире иштеп чыгууга жана кол коюуга топтомокчу. Биз Гацуурт кенин иштетүүнү жакында баштоого жана Монголиядагы ɵндүрүштүк ишмердүүлүгүбүздү дагы кɵп жылдарга улантууга үмүттɵнɵбүз», – деп билдирди.

Компания Монголиянын Ɵкмɵтү менен биротоло макулдашууларга (кенди иштетүүгɵ макулдашууну жана инвестициялык макулдашууну кошо алганда) кол коюу боюнча сүйлɵшүүлɵрдү улантууну күтүүдɵ. Бул макулдашууларга ийгиликтүү кол коюлгандан кийин Компания аткарылган жана 2006-жылы майда жарыяланган долбоор боюнча мурда жүргүзүлгɵн изилдɵɵлɵрдү толуктоо үчүн техникалык экономикалык изилдɵɵлɵрдү аткарат. Бул иштин алкагында Компания Гацуурт кенинин кычкылданган рудаларынын ресурстарын олуттуу кɵбɵйтүүгɵ багытталган геологиялык чалгындоо бургулоо программасын жүзɵгɵ ашырат, ошондой эле кошумча гидрогеологиялык бургулоо жүргүзɵт. Биротоло макулдашуулар түзүлгɵндɵн кийин Компания кɵрсɵтүлгɵн изилдɵɵлɵрдү жана бургулоолорду аткаруу графиктерин, ошондой эле долбоордун жүзɵгɵ ашырыла башталышы жɵнүндɵ жаӊыртылган маалыматтарды берүүнү пландоодо.

Гацуурт долбоору Компанияга тиешелүү Бороо кен ишканасынан болжол менен 55 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын Монголиянын аракеттеги жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана Бороо кен ишканасынын стандарттары менен макулдашылган эл аралык стандарттарга ылайык жүзɵгɵ ашырылуусу пландаштырылууда. Гацуурт долбоору боюнча эсептик минералдык запастар 2014-ж. 31-декабрына карата тоннасына борттук 1,4 грамм курамы менен тоннасына орточо 2,9 грамм алтын курамы менен 17,1 млн. тоннаны түзгɵн. Минералдык запастар алтындын унциясына 1 300 АКШ доллары ɵлчɵмүндɵ баа менен эсептелген. Кошумча маалымат алуу үчүн Центерранын 2015-ж. 31-мартындагы 2014-ж. ар жылдык маалыматтык формасын караӊыз.

Компания Гацуурт кениндеги руданы өндүрүп, кайра иштетүү үчүн болжол менен 55 чакырым алыстыктагы Бороо кен ишканасындагы жайгашкан алтын ылгоочу фабрикага жүк ташуучу унаалар менен жеткирмекчи. Гацуурт долбоорунун учурдагы пландарына ылайык, Гацуурт долбоорун жүзɵгɵ ашыруунун алгачкы эки жарым жылында Бороонун учурдагы ишканасында орточо курамы 2,86 г/т болгон 3,6 млн. тоннадай (кычкылдандырылган) руда кийин кɵмүргɵ сорбциялоо менен цианддөө технологиясын колдонулуу менен кайра иштетилмекчи. Бул мезгилде Бороо кен ишканасындагы учурдагы фабрикада калган сульфиддик рудаларды кайра иштетүү үчүн BIOX® технологиясын киргизүү пландалууда, алардын жалпы кɵлɵмү тоннасына орточо 2,92 грамм алтын курамында 13,5 млн. тоннаны түзɵт.

Бул маалыматтык билдирүүнүн толук тексти менен бул жерден таанышууга болот.

Центерра компаниясы жɵнүндɵ
Центерра Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана сатып алууга адистешкен канадалык алтын өндүрүүчү компания. Центерра Борбор Азиядагы алтын ɵндүрүүчү эң ири батыштык компания. Центерранын акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын Онтарио провринциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат www.centerragold.com корпоративдик сайтында жана SEDAR маалыматты электрондук издɵɵ системасында жеткиликтүү.