“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр кениндеги иш планы боюнча 2017-жылга карата уруксаттарды алганын билдирет

“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр кениндеги иш планы боюнча 2017-жылга карата уруксаттарды алганын билдирет

Жарыяланган: 30 December 2016

Торонто, Канада, 29-декабрь 2016-ж.: “Центерра Голд Инк.” Компаниясы Кырыгыз Республикасындагы Кумтөр ишканасы 2017-жылга карата кендеги иш планы боюнча бардык керектүү уруксаттарды жана макулдуктарды алганын билдирет. Аталган уруксаттар менен макулдуктар кен ишканада келерки жыл бою жарактуу.

Кумтөр Борбордук карьер менен Сарытөр участогунун Атайы долбооруна өндүрүштүк коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен 2017-жылга экспертизасын алды. Андан сырткары, Кумтөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен (КТЧКжТЧ) Борбордук карьер менен Сарытөр участогунун Атайы долбооруна 2017-жылга карата экологиялык экспертизасын алды. Андан сырткары КТЧКжТЧ мамлекеттик агенттиги 2017-жылга карата калдыктарды жайгаштырууга уруксат, атмосферага булгоочу заттарды чыгарууга уруксат жана чыгаруулардын чектелген нормативдеринин долбоорун макулдашты.

Ошентип, Кумтөр 2017-жыл бою тоо-кен иштерин аткарууга бардык макулдашылган долбоорлор менен уруксаттарга ээ. Кумтөр жаз мезгилинин келиши менен туюккаптан агындыларды төгүп турат, андыктан агындыларды төгүү үчүн уруксат алууга кайрылмакчы жана ал уруксаттарды иш тартибинде жаз мезгили башталганга чейин алууну көздөйт.

«Центерра» компаниясы жɵнүндɵ: «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын ɵндүрүүчү компания. “Центерра” Борбор Азиядагы алтын ɵндүрүүчү ири батыш компаниясы болуп саналат. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын Онтарио штаты, Торонто шаарында жайгашкан.

«Центерра» жɵнүндɵ кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана маалыматты электрондук издɵɵнүн SEDAR системасында жеткиликтүү.