«Центерра» 2016-жылга «Кумтөр» кениндеги Борбордук карьерди иштетүү долбоорунун бекитилишин маалымдайт

«Центерра» 2016-жылга «Кумтөр» кениндеги Борбордук карьерди иштетүү долбоорунун бекитилишин маалымдайт

Жарыяланган: 28 June 2016

27-июнь 2016 ж. Торонто, Канада: «Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргыз Республикасында жайгашкан “Кумтөр” ишканасы 2016-жылга «Кумтөр» кениндеги Борбордук карьерди иштетүү долбоорунун бекитилишин маалымдайт.

27-июнда Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен (КТЧКжТЧМА) «Кумтөр» кениндеги Борбордук карьерди иштетүүнүн атайын долбооруна экологиялык экспертизаны (макулдашуусун) берди. Буга чейин, 2016-жылга «Кумтөр» кенининдеги борбордук карьерди иштетүү долбооруна өндүрүштүк коопсуздук жана кен байлыктарды коргоо нормалары боюнча экспертизалар алынган.

Компания атмосферага чектелген нормадагы булгоочу заттарды чыгарууга, чектелген нормадагы төгүүлөргө жана таштандыларды жайгаштырууга уруксаттарды алган, демек, Кумтөр 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананын үзгүлтүксүз иштешине талап кылынган бардык уруксат кагаздарына ээ.

«Центерра» жөнүндө:
«Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин иштетүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания. «Центерра» компаниясы Батышта негизделген Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүрүүчү. «Центерранын» акциялары CG символу астында Торонто фондулук биржасында (TSX) жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио провинциясындагы Торонто шаарында жайгашкан.
«Центерра» жөнүндө кошумча маалымат компаниянын www.centerragold.com сайтында жана www.sedar.com дарегинде SEDAR системасында жеткиликтүү.