«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен талаш маселелерди толук жɵнгɵ салууга жетишти

«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен талаш маселелерди толук жɵнгɵ салууга жетишти

Жарыяланган: 13 September 2017

Торонто, Канада, 2017-ж. 11-сентябры: «Centerra Gold Inc.» (TSX: CG) компаниясы бүгүн Компания жана анын Кыргыз Республикасындагы туунду ишканалары («Кумтɵр Голд Компани» ЖАКу (мындан ары – «КГК») жана «Кумтɵр Оперейтинг Компани» ЖАКу (мындан ары – «КОК»)) Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү (мындан ары – «Ɵкмɵт») менен комплекстүү тынышуу келишимин (мындан ары – «Стратегиялык макулдашуу») түзүштү.

Стратегиялык макулдашуунун олуттуу жоболору
• Бардык болгон арбитраждык жана экологиялык доолордон, талаштардан, териштирүүлɵрдɵн жана соттук чечимдерден толук жана биротоло ɵз ара бошотуу жана жɵнгɵ салуу, ошондой эле Компанияны жана анын кыргыз туунду компанияларын кен ишканасынын жактырылган ишмердүүлүгүнɵн келип чыгуучу учурдагы экологиялык доолор сыяктуу эле негиздер боюнча болочок доолордон да бошотуу;
• Ал, башкалардан тышкары, КГКнын акча каражаттарын Центеррага которууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектеген Кыргыз Республикасынын сотунун токтомун алып салуу. КГК иш капиталындагы адаттагы муктаждыктарынан ашкан, балансында болгон акча каражаттарын Центерранын пайдасына которуу процессин баштады жана компания бул процессти 2017-ж. 15-сентябрына карата аяктоону күтүүдɵ;
• Келечекте КГКнын Центерранын пайдасына акча каражаттарын которуу жɵндɵмдүүлүгүнɵ кандайдыр-бир чектɵɵлɵр коюлбай тургандыгына ишендирүү;
• КГКнын кызматкерлеринин жүрүү эркиндигине бардык чектɵɵлɵр алынып салынат;
• Центерра жана анын кыргыз туунду компаниялары тарабынан тɵмɵнкүлɵргɵ жол бербɵɵ: (i) кандайдыр-бир экологиялык бузууларга, (ii) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кумтɵр кенин иштетүү боюнча долбоордук макулдашуулардын жоболору менен келишпегендикке же (iii) кошумча экологиялык тɵлɵмдɵрдү же Калыбына келтирүү траст фондуна кошумча которууларды же чɵйрɵнү калыбына келтирүү боюнча кошумча иш чараларды ишке ашыруу боюнча ар кандай алдын ала милдеттенмелерди берүүгɵ;
• «Кумтɵр» долбоору боюнча ишмердүүлүктү жɵнгɵ салуучу 2009-жылдан бери болгон макулдашуулар («Кумтɵр» кенин иштетүү боюнча долбоордук макулдашуулар»), аларда жазылган салыктык жана фискалдык режимдерди кошо алганда, толук күчүндɵ жана аракетте кала берет;
• «Кумтɵр» долбооруунун учурдагы же пландалып жаткан ишмердүүлүгүнɵ кандайдыр бир ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү талап кылынбайт;
• КГК КРнын жаӊы түзүлгɵн Жаратылышты ɵнүктүрүү мамлекеттик фондуна (50 миллион АКШ долларын) жана жаӊы түзүлгɵн Онкологиялык кызматты ɵнүктүрүү мамлекеттик фондуна (7 миллион АКШ долларын) жалпы суммасы 57 миллион АКШ доллары болгон бир жолку тɵлɵмдү ишке ашырууга, ошондой эле макулдашуу түзүлгɵн учурдан 12 ай аралыгында КРнын Онкологиялык кызматты колдоо фондусунун пайдасына 3 миллион АКШ доллары ɵлчɵмүндɵгү кошумча бир жолку тɵлɵмдү жүргүзүүгɵ макул болот. Бул суммалар чыгымдар катары эсептелип жана компаниянын үчүнчү квартал үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча милдеттенмеси катары таанылуусу болжолдонууда;
• Ɵкмɵт тарабынан Стратегиялык макулдашуунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруусун улантуу шартында жаӊы түзүлгɵн Жаратылышты ɵнүктүрүү фондуна 2,7 миллион АКШ доллары ɵлчɵмүндɵгү ар жылдык тɵлɵмдɵр;
• КГК Калыбына келтирүү траст фондун толуктоосун тездетүү үчүн жылына 6 миллион АКШ доллар суммасында каражатты кийинки шарттарда чегерип турууга макул, эгерде КГКнын жалпы чегерим каражат суммасы «Кумтɵр» кен ишканасын калыбына келтирүүнүн жалпы эсептик наркына («Кумтɵр» кен ишканасынын калыбына келтирүүнүн учурдагы наркынын көз карандысыз баасын чагылдырат) жеткенге чейин, бирок минималдык калыбына келтирүүнүн жалпы наркы 69 миллион АКШ долларын түзгɵн шартта (бул негизинен «Кумтɵр» долбоорунун калыбына келтирүү сметалык наркы боюнча КГКнын учурдагы расчетуна дал келет);
• КГК Ɵкмɵт менен биргеликте, Кыргыз Республикасында, ошону менен бирге «Кумтɵр» долбоорунда, инвестициялар үчүн башка потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү иликтейт; жана ошондой эле
• Жоопкерчиликтен бошотуу жана бардык тɵлɵмдɵр төмөндө кеӊири баяндалган бир катар алдынала каралган шарттардын аткаруусуна тутумдашкан жана бул шарттарды аткаруу 2017-ж. тɵртүнчү кварталында күтүлɵт.
Центерранын Башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: «Баарынан мурда, бул макулдашуу «Кумтɵр» долбооруна тиешелүү жɵнгɵ салынбаган баардык маселелердин комплекстүү чечилиши болуп саналат. Биздин келишүүлɵрүбүз КГКнын кызматкерлеринин жүрүүлɵрүнɵ, ошондой эле «Кумтɵр» компаниясынын акча каражаттарын Центеррага которууга киргизилген баардык чектɵɵлɵрдү да алып салууну камсыз кылат. Ошондой эле, макулдашуу «Кумтɵр» ишканасынын мындан-аркы кен ишмердүүлүгү үчүн коммерциялык ишенимдүүлүктү камсыз кылат, себеби Кумтɵр кенин иштетүү боюнча долбоордук макулдашууларга ылайык Центеррага, КГКга жана КОКко берилген баардык укуктарды сактайт жана Ɵкмɵт тɵлɵмдɵрдү толук кɵлɵмдɵ алуу үчүн Центерранын, КГКнын жана КОКтун кызыкчылыктарын коргоо максатында каралган бир катар шарттарды туруктуу аткаруусу зарыл. Акырында, бул макулдашуу Центерра менен Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн ɵз ара милдеттенмесин – Кыргыз Республикасындагы чет элдик инвестициялардын туруктуулугун камсыз кылуу милдеттенмесин гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын экологиясы, жарандарынын ден соолугу жана бакубаттуулугу алдындагы милдеттенмесин чагылдырат.”

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тɵмɵндɵгүдөй билдирди: «Кумтɵр» долбоору боюнча маселелерди чечүүдɵ, Кумтɵр жана Центерра менен иштɵɵ биз үчүн жагымдуу болду. Бизди Компания тарабынан Жаратылышты ɵнүктүрүү фондун түзүү аркылуу курчап турган чɵйрɵ жɵнүндɵ кɵрүлгɵн камкордук кубандырат. Бул жаӊы Фонд Кыргызстанда келечекте жүзɵгɵ ашырылуучу жаратылышты коргоочу жана экологиялык долбоорлорду финансылоого жардам берет. Андан тышкары, Компания ɵзүнɵ дагы чоӊ социалдык жоопкерчиликти алып жалпы кɵлɵмү 10 млн. АКШ долларына чейин каражатты жаӊы түзүлгɵн КРнын Онкологиялык кызматты ɵнүктүрүү фондуна каржылоого, ошондой эле жыл сайын олуттуу экологиялык тɵлɵмдɵрдү Калыбына келтирүү траст фондуна чегерип турууга милдеттенме алууда. «Кумтɵр» долбоору боюнча жɵнгɵ салынбаган баардык маселелерди чечүү менен биз ɵлкɵбүздүн эӊ ири ишканасы менен жаӊы, пайдалуу мамилелерди түздүк жана мындан ары экономикалык туруктуу климатка умтулабыз, бул болсо экономикабызды ɵнүктүрүү үчүн эмдиги чет элдик инвестициялардын келишине ɵбɵлгɵ түзөт.»

Центерранын Директорлор кеӊеши тарабынан кароо процесси
Центерранын Директорлор кеӊешинин кɵз карандысыз мүчɵлɵрүнɵн туруучу Атайын комитет сүйлɵшүүлɵр процессине жана Стратегиялык макулдашууну түзүүдɵ кɵзɵмɵлдү ишке ашырды жана Центерранын Директорлор кеӊешине Стратегиялык макулдашууну жана анда каралган бүтүмдɵрдү жактырууга рекомендация берди. Атайын комитеттин рекомендациясын жана башка тиешелүү факторлорду кɵӊүлгɵ алуу менен Центерранын Директорлор кеӊеши Стратегиялык макулдашууну жана анда каралган бүтүмдɵрдү бир добуштан жактырды.

Стратегиялык макулдашуу жɵнүндɵ кошумча маалыматтар
Стратегиялык макулдашуунун шарттары боюнча КГК тɵмɵнкү милдеттенмелерди алды: (i) Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоочу жана экологиялык долбоорлорду финансылоо үчүн түзүлгɵн Жаратылышты ɵнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ доллары ɵлчɵмдɵгү бир жолку тɵлɵм жана кийин жыл сайын 2,7 миллион АКШ доллары ɵлчɵмдɵгү тɵлɵм, эгерде Ɵкмɵт Стратегиялык макулдашуунун алкагында кабыл алган милдеттенмелерин аткаруусун уланткан шартта гана, жүргүзүлүп турат (ii) Кыргыз Республикасындагы онкологиялык оору менен байланыштуу дарылоо, илимий изилдɵɵлɵр, демилгелерди колдоо жана башка маселелерди камтуу үчүн жаӊы түзүлүүчү КРнын Онкологиялык кызматын ɵнүктүрүү мамлекеттик фондуна 7 миллион АКШ доллары ɵлчɵмүндɵ бир жолку тɵлɵм, кийинки тɵлɵм 3 миллион АКШ доллары ɵлчɵмүндɵ макулдашуу күчүнɵ кирген датадан 12 ай аралыгында чегерилет, ошондой эле (iii) Калыбына келтирүү траст фондун толуктоосун тездетүү үчүн жылына 6 миллион АКШ доллар суммасында каражатты кийинки шарттарда чегерип турууга, эгерде КГКнын Калыбына келтирүү траст фондуна (азыркы учурда бул фонддо 26,3 миллион АКШ долларына барабар каражат топтолгон) жалпы чегерим каражат суммасы «Кумтɵр» кен ишканасын калыбына келтирүүнүн жалпы эсептик наркына жеткенге чейин (бирок минималдык калыбына келтирүүнүн жалпы наркы 69 миллион АКШ долларын түзгɵн шартта), бул жыл сайын чегерүүлүчү каражат «Кумтɵр» кен ишканасы КГК жана КОКтун башкаруусу алдында үзгүлтүксүз иш алпарган шартта, бардык зарыл уруксат берилген учурда жана Ɵкмɵт тараптан экспроприация боюнча кандайдыр бир аракеттер болбогондо которулуп турат.

Тараптар азыркы Калыбына келтирүү траст фонду тууралуу келишимди кайра карап чыгуу жана ага түзɵтүүлɵрдү киргизүү максатында ак ниет сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүшɵт, төмөндөгүлөрдү эске алуу: (i) Калыбына келтирүү траст фондуна жогоруда келишилген тездетилген тɵлɵмдɵрдү которууну камсыз кылуу, (ii) бул каражаттарды АКШ долларында деноминацияланган жогорку ликвиддүү коопсуз кыска мɵɵнɵттүү баалуу кагаздар (мисалы, АКШ Ɵкмɵтүнүн облигациялары) катарында сактоону талап кылуу, мында Тараптардын макулдашуусу шартында, Калыбына келтирүү траст фондунун каражаттарынын 20%дан кем эмеси Кыргыз Республикасынын бардык кирешелери жана карыз алуулары менен камсыз кылынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарга инвестицияланууга тийиш; жана (iii) бул инвестицияларга көзөмөл жүргүзүү үчүн Байкоочу кеӊеш түзүү.

Ɵз тарабынан КГК КРнын Ɵкмɵтүнүн экологияны коргоо боюнча консультанты «Amec Foster Wheeler» тарабынан коюлган рекомендацияларына ылайык жаратылышты коргоо чараларын аткарууга да макул болду, алардын кɵптɵгɵн көрсөтмөлөрү азыр толук аткарылууда.

Жоопкерчиликтен бошотуу шарттары жана макулдашуу боюнча бардык тɵлɵмдɵр, тɵмɵнкүлɵрдү кошо алганда, бир катар алдын-ала шарттардын аткарылуусун талап кылат: (i) КРнын Ɵкмɵтүнүн кароосунда турган «Кумтɵр» кен казуу жайынын эксплуатациялоо планы, билдирилген запастар жана калдыктарды сактоочу жайды кеӊейтүү боюнча сыяктуу жана башка долбоорлордун бекитилишин (ii) «Кумтɵр» кенин иштетүү боюнча долбоордук келишимдер тарабынан каралган КРнын Ɵкмɵтүнүн бардык милдеттенмелеринин сакталышын; (iii) КГК/КОК тарабынан бардык зарыл уруксат берүүчү документтер менен кен ишканасын иштетүүсүн улантуусун, (iv) КРнын Ɵкмɵтү тарабынан экспроприация боюнча аракеттерге жол берилбɵɵсүн, жана (v) Башкы прокуратура тарабынан козголгон экологиялык доолордун, талаштардын жана соттук териштирүүлɵрдүн Центерра үчүн алгылыктуу шарттарда токтотулушун.

Стратегиялык макулдашууну жүзɵгɵ ашыруунун алкагында Центерра алар 2017-ж. тɵртүнчү кварталында аякташы күтүлүп жаткан алдын-ала шарттарды оперативдүү аткаруу маселелери боюнча КРнын Ɵкмɵтү менен тыгыз иштɵɵнү уланта берет.

Центерра жɵнүндɵ маалымат

Центерра Голд Инк. ишмердүүлүгү Түндүк Америкада, Азияда жана бүтүндɵй дүйнɵ боюнча башка рыноктордо алтын кендерин башкарууга, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга багытталган канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. Центерра эки негизги кен ишканасын – Кыргыз Республикасындагы «Кумтɵр» жана Канаданын Британиялык Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кен ишканаларын иштетүүдө жана Борбор Азиядагы эӊ ири батыштык алтын ɵндүрүүчү болуп саналат. Центерранын акциялары Торонто ш. фондулук биржада «CG» белгиси астында жүгүртүлɵт. Компаниянын офиси Канаданын Торонто ш. турат.

Кошумча маалымат үчүн кайрылыӊыздар:
Джон У. Пирсон,
Инвесторлор менен байланыш боюнча вице-президент
(416) 204-1953
john.pearson@centerragold.com

Кошумча маалымат
Центерра боюнча кошумча маалымат компаниянын www.centerragold.com веб-сайтында жана SEDAR www.sedar.com веб-сайтында жеткиликтүү.