«Центерра Голд» ЕРӨБдүн 150 млн. долларлык кредиттик линиясын узартты

«Центерра Голд» ЕРӨБдүн 150 млн. долларлык кредиттик линиясын узартты

Жарыяланган: 23 December 2013

 «Центерра Голд Инк.» («Центерра») Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 150 млн. долларлык учурдагы кредиттик линиясын жабуу мөөнөтүн 2015-жылдын 17-февралына чейин узарткандыгы жөнүндө билдирди.

“Биз ЕРӨБдүн кредитинин мөөнөтүн узарта жана мына ошентип, банк менен «Кумтөр» боюнча кызматташууну уланта алгандыгыбызга өтө кубанычтабыз.  «Центерра» күчтүү бухгалтердик баланска ээ жана биз олуттуу акча агымдарын топтогонубузга карабастан, биз кошумча финансылык ийкемдүүлүккө ээ болуу өтө маанилүү деп эсептейбиз, аны бизге бул кредиттик линия камсыз кылат», – деп белгиледи «Центерранын» башкы кызмат адамы Ян Аткинсон.

«Биз «Центерра» менен иштөөнү улантууга жана ЕРӨБ болгон өлкөлөрдөгү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы да өз инвестицияларыбызды кубаттап турууга кубанычтабыз. Дээрлик 20 жыл аралыгында ЕРӨБ Казып алуучу тармактагы ачыктык демилгесин (КТАД) киргизүүнү колдоо жана тармактагы жеке секторду кубаттоо жолу менен Кыргыз Республикасында тоо-кен казып алуу тармагын туруктуу жана ачык өнүктүрүүнү инвестициялаган жана колдогон. ЕРӨБ «Центерранын» жогорку экологиялык стандарттарга жана коопсуздук стандарттарына, ошондой эле кен ишканасына жакын жашашкан жамааттарды туруктуу өнүктүрүүгө берилгендигин тааныйт. Биз «Кумтөр» долбоорун бардык акционерлер үчүн адилет нукта реструкташтыруу үчүн «Центерра» жана өкмөт тарабынан биргелешип жумшалган аракеттерди колдойбуз, ал инвесторлор үчүн позитивдүү белги болмокчу жана Кыргыз Республикасына мындан аркы инвестицияларга түрткү бермекчи», – деп белгиледи ЕРӨБдүн энергетика боюнча башкаруучу директору Риккардо Пулити.

Пресс-релиздин толук тексти менен бул жерден таанышууга болот.