30.05.2020: 10.15 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 785 627 924 USD

“Центерра Голд” компаниясынын рыноктук кызыл кулактыкка байланыштуу комментарийи

Жарыяланган: 25 April 2018

ТОРОНТО, КАНАДА – 2018-ж. 24-апрели – “Центерра Голд Инк.” компаниясы (TSX: CG) (“Центерра”) бүгүн “Чаарат Голд Холдингс Лимитед” (“Чаарат”) компаниясы чыгарган пресс-релизге байланыштуу комментарий берди.

2018-ж. мартта “Центерра” компаниясы “Чарааттан” “Центеррага” таандык жана Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кен ишканасын сатып алуу маселеси боюнча эч нерсеге милдеттендирбеген жана юридикалык милдеттенмеге алып келбеген сунушту алган. “Центерра” токтоосуз “Чаарат” компаниясынын кеңешчилери менен байланышкан жана “Чаарат” компаниясы сунуштаган бүтүмгө өзүнүн кызыкдар эместиги жөнүндө билдирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жакындагы жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жогорку кызматтагы расмий адамдары “Центеррага” Өкмөт да “Чаарат” сунуштаган бүтүмдү ишке ашырууга кызыкдар эместигин тастыкташкан.

“Центерра” компаниясы Кумтөр кен ишканасы Центерранын түз менчиги болуп саналарын, ал өзүнүн мүлктүк укуктарын өзүнүн 100 пайыздык туунду компаниясы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы аркылуу ишке ашырарын жана “Чаарат” компиясы сунуштаган бүтүм “Центерра” компаниясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир убакта катышуусуз түзүлө албай тургандыгын белгилейт.

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун кичи насыя агенттиктерине 2018-жылга каржылык ачты Следующая публикацияКараколдо бизнес-пландаштыруу боюнча тренинг өттү
30.05.2020: 10.15 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 785 627 924 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.