«Центерра Голд Инк.» 2012-жылга «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүштүн көлөмдөрүнүн прогнозун кайра кароо жөнүндө жарыялайт

«Центерра Голд Инк.» 2012-жылга «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүштүн көлөмдөрүнүн прогнозун кайра кароо жөнүндө жарыялайт

Жарыяланган: 27 March 2012

(Бул пресс-релизде тобокелчилик факторлоруна тушугуучу прогноздук маалымат камтылган)Торонто, Канада, 26-март 2012-жыл: «Центерра Голд Инк.» (Торонтодогу фондулук биржадагы символу TSX: CG) карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муздун кыймылынын күчөшү алтындын курамы жогору участокко – SB зонасына пландаштырылган жетүүнү кечиктирүүгө алып келе тургандыгы жөнүндө жарыялады. Алдын ала тоо-кен-техникалык анализ «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн көлөмү 2012-жылы мурда жарыяланган 575 000ден 625 000ге чейин троялык унциянын (17,8 – 19,4 т) ордуна 390 000ден 410 000ге чейин троялык унция (12,13 – 12,75 т) алтынды түзө тургандыгын көрсөтөт.

Мурда билдирилгендей, өндүрүштүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрүнө жетишүү казып алуу темптерин ийгиликтүү кармап турууга, SB зонасындагы алтындын курамы жогору болгон рудаларга жетүү үчүн борбордук карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү бош текти жана музду алып салуунун ылдамдыгына көз каранды болмокчу. 2012-жылдын февралынын башталышында болуп өткөн өндүрүштү 10 күндүк үзгүлтүккө учуратуу жана аны ого бетер курчуткан жакындагы муздун жана бош тектин кыймылынын олуттуу тездетилиши карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүнөн аталган муз менен бош текти алып салууну талап кылат. Бул карьердин иштетилип жаткан бөлүгүнүн кечиктирилүүсүнө жана 2012-жылдын аягынан 2013-жылдын аягына жылдырууга алып келиши күтүлүүдө, ал өз кезегинде SB зонасындагы алтындын жогору курамы бар рудасын казып алууну мурда пландаштырылган 2012-жылдагыдан 2013 – 2015-жж. жылдырууга алып келмекчи.

Компания алтын ылгоочу фабрикага курамы жогору руданы берүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы запастарга 2012-жылдын сентябрында жетүү үчүн «Кумтөрдүн» карьеринин түштүк-батыш бөлүгүндө руданы казып алууну тездетүү жолу менен муздун кыймылынын кесепеттерин жарым-жартылай компенсациялоону пландаштырууда.

Компания муздун кыймылынын кен ишканасын эксплуатациялоо планына кесепеттеринин андан аркы техникалык анализин жүргүзмөкчү жана жакынкы мезгилде өндүрүштүн көлөмдөрү, капиталдык жумшоолор жана эксплуатациялык чыгымдар жөнүндө кошумча маалыматты берүүнү пландаштырууда.
«Кумтөрдө» коллективдүү келишим 2012-жылдын акырында аяктайт. Жыл аралыгында ишти ар кайсы мезгилде токтотуу «Кумтөрдөгү» казып алуунун кайра каралган прогноздолгон көлөмүн жетүүгө олуттуу таасир этиши мүмкүн. Андан тышкары, 2012-жылга казып алуунун кайра каралган көрсөткүчтөрүнө жетүү жаңы тоо-кен жабдууларын өз убагында алып келүүдөн жана казып алуу темптерин ийгиликтүү кармап туруудан, алтындын курамы жогору рудага жетүү үчүн карьердин түштүк бөлүгүндө бош текти жана музду алып салуунун тездигинен көз каранды болмокчу.

Негизги божомолдор

Өндүрүштүн көлөмдөрүн прогноздоодо колдонулуучу жасалган божомолдор үчүн негиздер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
– «Кумтөрдө» алтындын курамы жана аны бөлүп алуунун коэффициенти алтын өндүрүүнүн прогноздолуучу көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн кен ишканасын эксплуатациялоо планы менен айкалыштырылат,
– Сууну агызып салуу жана кургатуу программасы жана сууну кетирүү системасы пландарга ылайык иштейт,
– Компания карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муздун кыймылын башкарууну, музду жана бош текти алууну ийгиликтүү ишке ашыра алат,
– Эч кандай иш таштоолор болбойт,
– Кен ишканасында өндүрүштүн графигинде каралбаган пландаштырылбаган, анын ичинде жарандык толкундоолордун, жаратылыш кубулуштарынын, жөнгө салуучу органдар менен талаштардын же саясий талаштардын, авариялардын/капилет кырсыктардын, жабдуулардын сынып калуусунун, ошондой эле иштетүүгө жана өндүрүштүк ишмердүүлүккө байланышкан башка тобокелчиликтердин себептери боюнча да, кечиктирүүлөр же убактылуу токтотуулар болбойт,
– Бардык зарыл уруксат берүүлөр, лицензиялар жана жактыруулар өз убагында алынат.
Өндүрүштүн көлөмү боюнча маалыматтар учурда болгон тобокелчиликтерди эске алуу менен божомолго негизделген прогноздук маалымат болуп саналат. Эгерде бул тобокелчиликтерден келип чыккан кандайдыр-бир окуялар болуп өтсө, анда алар Компаниянын жөнөкөй акцияларынын рыноктук наркына, Компаниянын ишмердүүлүгүнө, анын перспективаларына, финансылык абалына, ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына же акча агымдарынын кыймылдарына жагымсыз таасир көрсөтө алышат. Кошумча тобокелчиликтер жана аныкталбагандык, белгисиз Компаниялар, же азыркы учурда олуттуу эмес деп эсептелингендер да Компаниянын жөнөкөй акцияларынын рыноктук наркына, Компаниянын ишмердүүлүгүнө, анын перспективаларына, финансылык абалына, ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына же акча агымдарынын кыймылдарына олуттуу терс таасир көрсөтө алышы мүмкүн. Караңыз: SEDAR системасында www.sedar.com дареги боюнча жеткиликтүү болгон, Компания тарабынан акыркы жолу жарыяланган Ар жылдык маалыматтык формада «Тобокелдик факторлору» бөлүмүн, ошондой эле «Прогноздук маалымат боюнча эскертүү» бөлүмүндө талкууну.

«Центерра» жөнүндө маалымат

«Центерра Голд Инк.» —Азияда, мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүндө жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин эксплуатациялоо, чалгындоо, иштетүү, изилдөө жана алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү ири батыш компаниясы болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу Фондулук Биржада («TSX») «CG» символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын штаб-квартирасы Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Пресс-релиздин толук тексти жана “Центерра” жөнүндө кошумча маалымат компаниянын веб-сайтында: www.centerragold.com дареги боюнча жана маалыматты электрондук издөө жана анализдөөнүн SEDAR системасында www.sedar.com дареги боюнча жеткиликтүү.

Кеңири маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:

Джон В. Пирсон (John W. Pearson)
Инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-президент
Тел.: 416-204-1241
john.pearson@centerragold.com

же

Иан Аткинсон (Ian Atkinson)
Эл аралык геологочалгындоо боюнча Биринчи Вице-президент
Тел.: 416-204-1959
ian.atkinson@centerragold.com

же

Джеффри Парр (Jeffrey Parr)
Вице-президент жана башкы финансылык директор
Тел.: 416-204-1369
jeff.parr@centerragold.com