«ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» КОМПАНИЯНЫН 2013-ЖЫЛДЫН 1-КВАРТАЛЫНДАГЫ ИШИНИН НАТЫЙЖАЛАРЫ БОЮНЧА ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ.

«ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» КОМПАНИЯНЫН 2013-ЖЫЛДЫН 1-КВАРТАЛЫНДАГЫ ИШИНИН НАТЫЙЖАЛАРЫ БОЮНЧА ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ.

Жарыяланган: 10 May 2013

Centerra Gold Inc.«Центерра Голд Инк.» 2013-жылдын 8 -майында билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 9,4 млн. АКШ доллары) эсептөөгө буйрук берди. Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2013-жылдын 6-июньга карата катталган бардык акционерлерге 2013-жылдын 23-майына төлөнүп берилмекчи. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.