«Центерра Голд» башкармалыктын мүчөлөрүн шайлады

«Центерра Голд» башкармалыктын мүчөлөрүн шайлады

Жарыяланган: 13 May 2013

Centerra Gold Inc.Торонто, Канада, 10-май, «Центерра Голд Инк.» (TSX: CG) 10-майда, компаниянын акционерлеринин ар жылдык чогулушунда Директорлор кеңешинин жаңы курамы түзүлгөндүгү жөнүндө билдирди. Добуш берүү кол көтөрүү жолу менен жүргүзүлдү.

Төмөнкүлөр Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп калышты: Ян Аткинсон, Ричард Коннор, Рафаэль Жирар, Карыбек Ибраев, Стивен Ланг, Джон Лилль, Амангелди Муралиев, Шерил Пресслер, Терри Роджерс жана Брюс Волтер.

«Центерранын» Директорлор кеңешинин жаңы курамын бекитүү боюнча добуш берүүнүн натыйжаларына ага акциялардын 32,7%ы таандык болгон «Кыргызалтын» ААКсынын добуштары камтылган жок – чогулушта компаниянын өкүлдөрү «Центерранын» аудиторлору катарында KPMG компаниясын кайталап дайындоого жана компаниянын директору кызматына Брюс Волтерди кайталап көрсөтүүгө карата кабатырлануу билдиришти.