Центерра Голд Инк. Башкы аткаруучу директору жана президенттин дайындалганын билдирет

Центерра Голд Инк. Башкы аткаруучу директору жана президенттин дайындалганын билдирет

Жарыяланган: 14 October 2015

Торонто, Канада -13-октябрь 2015-ж. – «Центерра Голд Инк.» компаниясы 2015-жылдын 1-ноябрынан тарта компаниянын Башкы аткаруучу директору Ян Аткинсондун ордуна Скотт Перринин дайындалганын билдирет. Компания Я. Аткинсондун пенсияга чыгарын 2015-жылдын март айында эле жарыялаган.

Скотт Перри алтын өндүрүү тармагында 20 жылдан ашык эмгектенген. Буга чейин ал «АуРико Голд Инкорпорейтед» (AuRico Gold Incorporated) компаниясынын Башкы аткаруучу директору жана башкы каржы директорлугун, «Хайленд Голд» (Highland Gold) компаниясынын, ошондой эле «Баррик Голд» (Barrik Gold) компаниясынын Орусия-Орто Азиялык бөлүмүнүн Башкы каржы директорлук кызматын аркалаган. Анын кол алдындагы «АуРико» компаниясы өзүнүн инвестициялык долбоорлор портфелин перспективалуу жана аз чыгымдуу өндүрүш объектилеринин аркасы менен кеңейтүүгө жетишип, анын жетектөөсүндө үч жыл катары менен өндүрүштүн өсүшү жана өндүрүштүк чыгымдардын азаюусун камсыздаган «Янг Дэвидсон» (Young Davidson Mine) тоо-кен ишканасынын ийгиликтүү курулушу жана кеңейүү аткарылган. С. Перри сооода тармагындагы бакалавр даражасына ээ (Батыш Австралия, Перт ш. Кертин университети).

Ошондой эле «Центерра» компаниянын Президенттик кызматына Френк Херберттин дайындалганын жарыялады. Ал компанияда 2014-жылдан бери иштеп, Башкы юрист кеңешчилик жана корпоративдик маселелер боюнча катчылык кызматты аркалап келген. Жаңы кызматта ал юридикалык маселелердин чечилишин көзөмөлгө алып, өкмөт менен биргеликте аракет кылуу жана сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле «Центерранын» стратегиялык башкаруу ишмердүүлүгүн С. Перри менен бирге камсыздамакчы.

Директорлор кеңешинин атынан сөз сүйлөгөн Стивен Ланг: «Директорлор кеңеши Янга компаниянын башкаруу кызматтарын көптөгөн жылдар бою аркалаганына, анын убагында компания көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкендигине жана болуп өткөн өзгөрүүлөргө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет. Яндын башкаруусу алдында «»Центерра» Түркия жана Канадада келечектүү жаңы объектилерге ээ болууга жетишти. Ошондой эле Фрэнктин жаңы жана жоопкерчилиги жогорку кызматка дайындалышына кубанычтабыз. Биз анын Кыргызстан жана Монголия өкмөттөрү менен болгон учурдагы сүйлөшүүлөргө кошкон салымын жогору баалайбыз. Биз компаниянын келечеги үчүн Фрэнк жана Скотт менен иштешүүгө кубанычтабыз» – деп билдирди.

Жаңы кызматка киришип жаткан С. Перри төмөнкүдөй билдирүү жасады:
– «Центерраны» анын маанилүү тарыхий баскычында жетектөө мүмкүнчүлүгү туш келгенине кубанычтамын жана алдыда түрган стратегиялык маселелерди компаниянын жамааты менен бирге чечүү эмгеги мен үчүн бакыт».

Пресс-релиздин толук тексти менен бул жерден тааныша аласыз.