«Центерра» компаниясы тоо-кен иштеринин планы бекитилбегендиктен улам «Кумтөр» кен ишканасындагы иштин токтоп калуу мүмкүндүгү жөнүндө билдирет

«Центерра» компаниясы тоо-кен иштеринин планы бекитилбегендиктен улам «Кумтөр» кен ишканасындагы иштин токтоп калуу мүмкүндүгү жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 03 June 2014

«Центерра Голд Инк.» компаниясы (TSX: CG) «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарынан 2014-жылга тоо-кен иштеринин планын бекитүүнү жана аны менен байланышкан уруксаттарды алуу үчүн көрүлгөн чараларга карабастан, мындай бекитүү жана уруксаттар алынбагандыгын жарыялады.Мына ошондуктан, эгерде мындай бекитүү жана уруксаттар 2014-жылдын 13-июнуна чейин алынбаса, «Центерра» компаниясы «Кумтөр» кен ишканасында иштерди токтотуу процедурасын баштоого ниеттенүүдө. Бул датага чейин «Центерра» компаниясы иштөөнү жана мындай бекитүүнү жана уруксаттарды алуунун тездетүү үчүн тиешелүү органдар менен кызматташууну улантмакчы.

Мурда билдирилгендей, Компаниянын Кыргыз Республикасындагы туунду ишканасы «Кумтөр Голд Компани» («КГК») өзүнүн 2014-ж. тоо-кен иштеринин жылдык планын бекитүү жана аны менен байланышкан уруксаттарды алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга 2013-ж. аягынан бери кайрылууда. Тилекке каршы, бул жылы бир нече жолу документацияларды берүүгө жана жогорку орундардагы кызмат адамдары менен талкуулоолорго карабастан, мындай бекитүү жана уруксаттар берилбеген. Мындай бекитүүнүн жана уруксаттардын жоктугу «Центерра» компаниясы жана анын кызматкерлери үчүн олуттуу аныкталбагандыкты жана тобокелчиликтерди түзөт.

«КГК» компаниясы «Кумтөр» долбоорун жүзөгө ашырууда дайыма курчап турган чөйрөнү коргоо, коопсуздук дана техникалык процесстер тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорку стандарттарын карманып келген. Ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде компания тоо-кен иштеринин пландарын жана долбоорлорду бекитүүнү алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен конструктивдүү кызматташууну түзгөн. 2009-жылдагы Кыргыз Республикасы менен «Центерра» жана «КГК» компанияларынын ортосундагы кайра каралган Инвестициялык макулдашууга ылайык, жөнгө салуучу органдар тоо-кен иштеринин планын объективдүү кароого жана «Центерра» компаниясына зарыл уруксаттарды берүү боюнча белгилүү бир кепилдиктерди берүүгө милдеттүү экенин белгилеп коюу зарыл.

Кен ишканасын консервациялоо планы бардык тоо-кен иштерин жана байытуучу фабрикадагы иштерди 2014-ж. 13-июнунда иш күнүнүн акырына карата токтотууну карайт. «КГК» компаниясы зарыл экологиялык мониторинг жана коопсуздуктун контролу, ошондой эле байытуу фабрикасын жана тоо-кен жабдууларын тейлөө үчүн персоналдын жетиштүү санын камсыздайт.

«Кумтөр» кен ишканасында иштердин мүмкүн болуучу токтотулуусунун болочок ишмердүүлүккө таасири мындай токтотуунун узактыгынан да жарым-жартылай көз каранды. Компания кен ишканасы токтотулган учурдагы мүмкүн болуучу кесепеттердин анализин жүргүзө баштады жана мындай анализ аяктагандан кийин буга карата билдирүү жасайт. «Кумтөр» кен ишканасын эксплуатациялоо татаал процесс болуп саналат жана «Кумтөрдүн» ачык карьеринде суунун агып кирүүсүн, Давыдов мөӊгүсүнөн ачык карьерди карай муздун жылышын жана карьердин капталдарынын туруксуздугун кошо алганда, олуттуу геотехникалык жана башка проблемалар бар. Мындай проблемаларды активдүү мониторингдөөсүз жана башкаруусуз иштерди узак мөөнөткө токтотуу «Кумтөр» кен ишканасына жана Компаниянын ишмердүүлүгүнө, болочок акча агымдарына, кирешелерине, ишмердүүлүгүнүн натыйжасына жана финансылык абалына олуттуу терс таасир бериши мүмкүн.

«Центерра» компаниясы «Кумтөр» долбооруна карата бардык талаштар долбоордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу макулдашууларга ылайык, эл аралык арбитраждык сотто каралууга жата тургандыгын белгилейт.

«Центерра» компаниясы жөнүндө

«Центерра» көбүнчөсү Азияда, мурдагы Советтер Союзунун территориясында жана бүтүндөй дүйнө боюнча башка рыноктордо алтын кендерин казып алуу, иштетүү, геологиялык чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген алтын казып алуучу компания болуп саналат. «Центерра» компаниясы түндүк америкалык алдыӊкы алтын өндүрүүчү жана Борбордук Азиядагы эӊ ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы болуп саналат. “Центерра” компаниясынын акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын башкы офиси Торонто шаарында (Онтарио провинциясы, Канада) жайгашкан.

«Центерра» компаниясы жөнүндө кошумча маалымат Компаниянын веб-сайтында www.centerragold.com жана SEDAR системасында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган www.sedar.com.