Центерра Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Центерра Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Жарыяланган: 10 September 2013

Centerra Gold Inc.Торонто, Канада, 2013-ж. 9-сентябры, «Центерра Голд Инк.» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен анда «Кыргызалтын» ААКсы өзүнүн «Центеррадагы» 32,7% өлчөмүндөгү үлүшүн «Кумтөр» долбооруна ээлик кыла турган биргелешкен ишканадагы үлүшүнө алмаша турган мүмкүн болуучу реструкташтыруу мүмкүнчүлүгүнө карата Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу жөнүндө жарыялады. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда «Центерранын» жетекчилиги менен Консультативдик кеўештин жумушчу тобунун ортосунда улантылып жаткан сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы чагылдырылган, ошондой эле башка маселелер менен катар эле анда мүмкүн болуучу реструкташтырууну жүргүзүү боюнча төмөнкү принциптер каралат:

• «Кыргызалтын» «Центеррадагы» үлүшүнүн – 32,7% акциянын ордуна «Кумтөр» долбооруна ээлик кылуучу биргелешкен ишканада 50% үлүштү жана 100 млн. АКШ долларын алмакчы, ал «Кыргызалтынга» берилүүчү дивиденддерди оўдоп-түздөө жолу менен берилмекчи.
• «Кыргызалтынга» берилүүчү дивиденддерди оўдоп-түздөө 2015-ж. баштап 10 жыл аралыгында, тиешелүү пайыздык ставканы колдонуу менен жүргүзүлмөкчү (2014-ж. үстөк пайыздар гана төлөнмөкчү).
• Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча агенттик тарабынан «Кумтөр» долбоорунун дарегине коюлган бардык доолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана процедураларына, ошондой эле тараптар ортосундагы учурда болгон макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобуна көз карандысыз экологиялык консультант тарабынан берилген отчетто камтылган рекомендацияларды «Центерра» тарабынан аткарылуу жолу менен чечилмекчи.
• Бул макулдашууларда каралган салык режимин кошо алганда, «Центерра», «Кыргызалтын» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2009-жылы кол коюлган макулдашуулар күчүндө калат.
• Биргелешкен ишкананын Директорлор кеўеши «Центерранын» жана «Кыргызалтындын» өкүлдөрүнүн бирдей санынан турмакчы. Биргелешкен ишкананын негизги чечимдери биргелешкен ишкананын Директорлор кеўеши тарабынан талкуулоого жана жактырылууга жатат.
• «Центерра», операциялык макулдашууга ылайык, «Кумтөр» долбоорунун оператору (башкаруучусу) бойдон калмакчы, макулдашуу мындай макулдашуулар үчүн адаттагы шарттарды камтымакчы. Операциялык макулдашуу «Центерра» жана «Кыргызалтын» тарабынан берилүүчү кызматтар үчүн компенсациялар жөнүндө жобону да камтымакчы.
• «Кыргызалтын» 2 жылдык мөөнөттө 10 канада доллары аткаруу баасы боюнча «Центерранын» акцияларын алуу үчүн алты миллион варрант алат.

«Центерра» компаниясынын пресс-релизинин англис тилиндеги толук тексти менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: http://www.centerragold.com/sites/default/files/news-releases-en/cg-09092013-en.pdf