28.11.2020: 9.52 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 736 864 812 USD

12 айга келишим негизинде бизнес-аналитик

Жарыяланган: 04 June 2014

БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ

Кызматтын кыскача баяндалышы

Жамаатта жана уулу кызматкерлердин жетекчилиги жана көзөмөлүндө иштеп, бизнес процесстердин аналитиги колдонуучулардын муктаждыктарын аныктоо максаты менен бизнес процесстерди изилдейт, жана да тесттик тапшырмаларды долбоорлоп, иштеп чыгарат жана аткарат.
Ушул кызматты ээлеген адам Бишкекте иштеп, кээде Кумтөр кенине иш сапарлары менен барат.

Милдеттер


• Курчап турган чөйрөнү коргоо, товарды жана материалдык байлыктар, эрежелерди сактоо, тоо-кен жумуштары, транспорттук унааларды тейлөө, маалымат технологиялары на бизнес системалар сыяктуу иш аракеттердин элементтери боюнча иш кагаздарды жана карта түзүү максаты менен колдонуучулар/жетекчилер менен маетешүүлөрдү өткөрүү;
• Маалымат чогултуу жана бизнес процесстердеги логикалык кемчиликтерди аныктоо, жазуу учурунда аныкталган кемчиликтерди талаптарды чагылдыруу;
• Программа тиркемелерди жана долбоорлорду модификациялоо үчүн сценарийлерди иштеп чыгуу;
• Программа тиркемелерди жана долбоорлорду модификациялоо үчүн автоматташтырылбаган тесттерди жүргүзүү;
• Тиркемелерде кемчиликтерди аныктоо, билдирүү жана изилдөө;
• Колдонуучулардын талаптарын аткаруу үчүн программа тиркемелерин кеңири тестирлөө;
• Ар кайсы жерлерде иштеген топ мүчөлөрү, талап коюучулар жана колдонуучулар менен чогуу жана натыйжалуу түрдө иштешүү;
• Программаларды жазуу тобу менен чогуу жана өз алдынча иштөө;
• Долбоорлоду башкаруу ыкмаларын колдонуу менен кичи өнүктүрүү долбоорлорун аныктоо, кагазга кочүрүү жана жакшыртуу;
• Бизнес процессти үзгүлтүксүз түрдө анализдөө жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү.

Квалификациялар жана көндүмдөр

• Процесс-аналитик, бизнес-аналитик катары дегенде 2-жылдык жумуш тажрыйбасына ээ болуу жана/же тийиштүү тармакта жогорку билимге ээ болуу;
• Анык аналитикалык жөндөмдүүлүгү;
• Техникалык колдоо кызматында иштеген тажрыйбасы артыкчылык болуп эсептелинет;
• Бизнес анализ, долбоорлорду башкаруу процесстерин билүү жана да системаларды иштеп чыгуу, баштан аяк циклдерин билүү артыкчылык болуп эсептелинет, бирок керектүү эмес;
• Талапкер англис тилинде мыкты сүйлөшү жана жазышы керек;
• Microsoft Excel программасын колдонуу көндүмдөрү артыкчылык болуп эсептелинет;
• Маалымат базаларын колдонуу боюнча практикалык көндүмдөр же теоретикалык билим артыкчылык болуп эсептелинет;

Анкета жана резюмени англис тилинде 2014-ж. 11-июнда саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 ( «Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегинде тапшырсаңыз болот.

Анкетаны бул жерден же жогоруда берилген даректе алсаңыз болот.

Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияКомпаниянын муктаждыктары жана камсыздоочуларга коюлган талаптар боюнча презентация Следующая публикацияБашкы ашпозчу (Кумтөр кенинде)
28.11.2020: 9.52 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 736 864 812 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.