БОШ ОРУН ЖАБЫК
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
Күн сайын, белгиленген тартипке ылайык, сатып берүүчүлөр жана жүк ташуучулар менен сатып алуу тапшырмаларын жана контракттарын экспедициялоо;
Сатып алуу тапшырмасы жана сатып алууга заказ статусуна тиешелүү күнүмдүк оозеки жана/же жазуу түрүндөгү билдирмелерге жооп берүү;
Компаниянын бизнес-системасына берүүлөр боюнча мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды жаңылоо;
Ачык заказдардын абалы жөнүндө отчетторду мезгил-мезгили менен аткаруу;
Берүүчүлөрдүн салыштырмалуу анализин жүргүзүү;
Материалдык-техникалык ресурстарды сатып алууга жана жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды төмөндөтүү жолу менен экономикалык натыйжалуулукту жогорулатуу пландарын жүзөгө ашырууга катышуу;
Зарылдыгына жараша башка офистик милдеттерди аткаруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
Экспедитор катарында бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Жогорку билим (техникалык же экономикалык);
Англис тилин (жазуу жана оозеки) жакшы билүүсү;
Жакшы аналитикалык жөндөм;
Компьютердик сабаттуулук MS Word, MS Excel, Internet
Коммуникабелдүүлүк, командада иштей билүү.
Анкетаны, резюмени жана эмгек китепчесинен көчүрмөнү 2012-жылдын 26-октябрында саат 16.00дөн кеч эмес берүү зарыл.
Анкетаны компаниянын Бишкек офисинен төмөнкү дарек боюнча алууга болот:
720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКсы, 10-кабат).
Анкетада билдирменин номерин көрсөтүңүз: BI-12-34
Аңгемелешүүгө ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.