«Кумтөр Оперейтинг Компани» өкмөттүк органдар менен байланыштар боюнча адистин жардамчысы бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт.
Өкмөттүк органдар менен байланыштар боюнча адистин жардамчысы коркунучтуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу эрежелери боюнча, автотранспорту каттоо боюнча негизги мыйзамдык жана нормативдик документтерди билүүгө тийиш.
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
• Ысык-Көл областынын территориясы боюнча коркунучтуу жүктөрдү ташуу маршруттарын макулдашуу
• Ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү транспорттоого уруксаттарды алуу
• Жаңы автотранспорттук техниканы каттоо
• Автомобилдерди катоодон чыгаруу жана каттоого коюу
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
• Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо боюнча инженердик билим (мүмкүн болсо);
• Укук коргоо органдары менен 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
• Автотранспорт каражаттарын пайдалануу тармагындагы мыйзамдарды билүүсү;
• Компьютерде иштөө көндүмдөрү;
• Англис тилин билүүсү артыкчылык болуп саналат.
Анкетаны жана резюмени 2012-ж. 15-июнунда саат 16.00дөн кеч эмес берүү керек.
Анкетаны компаниянын Бишкек офисинен төмөнкү дарек боюнча алууга болот:
720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКсы, 10-кабат).
Анкетада билдирменин номерин сөзсүз көрсөтүңүз: BI-12-17
Аңгемелешүүгө көбүрөөк ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.