Вакансия жабык
КГК БУХГАЛТЕР (БИШКЕК) убактылуу бош ордуна сынак жарыялайт
Билдирүүнүн номуру: BI-20-02
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
- Бухгалтердик эсеп-кысаптарды финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүү (МСФО);
- Операциялык жана капиталдык чыгашаларга такай көзөмөл жүргүзүү;
- Финансылык отчеттуулук мезгилин жабуу жана финансылык отчеттуулукту даярдоо;
- Финансылык мезгилди жабуу процедураларына ылайык тийиштүү бухгалтердик өткөрүүлөрдү даярдоо;
- Амортизацияны эсептөө;
- Компаниянын жана аудиторлордун талаптарына ылайык тийиштүү финансылык отчетторду даярдоо;
- Ички көзөмөлдү сактоо жана бекемдөө үчүн бизнес-процесстер менен эсептөө саясатын иштеп чыгуу жана документтештирүү;
- Отчеттук мезгилдер боюнча салыктарды эсептөө жана фискалдык органдар менен иштөө;
- Дебитордук жана кредитордук карыздарга көзөмөл жүргүзүү.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Финансы-экономика боюнча жогорку билим, САР/CIPA сертификатынын болушу;
- Иш тажрыйбасы (артыкчылык);
- Жогорку аналитикалык жөндөмдөрү, ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
- КРнын Салык Кодексин жана салыктык отчеттуулукту даярдоого болгон талаптарды билүүсү;
- Бир эле учурда бир нече тапшырмалар менен иштей билүү, командада иштөө жөндөмдүүлүгү, тактык, аткаруучулук, тыкан, стресске туруктуу, коммуникабелдүүлүк
- MS Office ишенимдүү колдонуучусу, Excel тиркемесин мыкты билүү жана англис тилин билүүсү (артыкчылык).
Анкета жана резюмени 2020-ж. 13 марты саат 16:00-чейин HR_Kumtor@centerragold.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегине, же региондогу КГКнын кеңселерине (Каракол ш., Балыкчы ш.) тапшырсаңыз болот
Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот
Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: BI-20-02
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ