Centerra Gold Inc.Centerra Gold Inc. («Центерра») – Борбордук Америкада, Азияда жана дүйнɵнүн башка региондорунда алтын казып алуу объектилерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, геологиялык чалгындоого жана алууга адистешкен алтын казып алуучу компания. Центерра алдыӊкы канадалык алтын казып алуучу ишкана жана Борбор Азиядагы эӊ ири батыштык тоо-кен өндүршчүлөрдүн бири. Центерранын негизги ɵндүрүштүк объектилеринин бири Кыргыз Республикасында жайгашкан. Компаниянын башка ири ɵндүрүштүк объектиси Канаданын Британ Колумбиясында турат. Ал Центерра тарабынан Томпсон Крик (Thompson Creek) компаниясын алуу боюнча бүтүмдүн алкагында алынган.
Центерранын акциялары Торонтонун фондулук биржасында CG аббревиатурасы астында жүгүртүлɵт.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акций кармоочусу болуп саналат.

Кыска Фактылар

  • Центерра алдыңкы канадалык алтын өндүрүүчүлөрдүн бири: 2017-жылы ал 785 316 унция алтын жана 53,6 млн фунт жез өндүргөн.
  • Башкы активдери: Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кен ишканасы, анда 1997-жылдан 2017-жылдын аягына чейин 11,5 млн унциядан ашуун алтын өндүрүлгөн; Британ Колумбия провинциясында (Канада) жайгашкан Маунт Миллиган жогору рентабелдүү жана эксплуатациянын узак мөөнөтүнө эсептелген алтын-жез кен ишканасы; курулуш стадиясында турган, Түркиянын Оксүт алтын кенин өздөштүрүү долбоору; Британ Колумбия провинциясындагы (Канада) Кемесс кенин өздөштүрүү боюнча долбоор (даярдыктын акыркы этабында); Онтарио провинциясындагы (Канада) Гринстоун кенин өздөштүрүү боюнча долбоор; тиешелүү түрдө Британ Колумбия провинциясында (Канада) жана Айдахо штатында (АКШ) жайгашкан молибден казып алуу боюнча Эндако жана Томпсон Крик ишканалары, алар азыркы учурда консервацияда турушат; ошондой эле Пенсилвания штатындагы (АКШ) Лангелот тоо-кен өнөр жай комплекси.
  • Учурда компания Түркиядагы Оксүттө өзүнүн үчүнчү алтын өндүрүүчү ишканасынын курулушун ишке ашырууда, ал, эсептөөлөр боюнча, 2020-ж. биринчи чейрегинде ишке кирмекчи.
  • Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчүсү. 2017-ж. 31-декабрына карата компания ээлик кылган алтын менен жездин тастыкталган жана болжолдонулган запастарынын жалпы көлөмү рудадагы 16,3 млн унция алтынды жана рудадагы 2 568 млн фунт жезди түзөт.
  • Кумтөр бүткүл постсоветтик мейкиндиктеги батыш инвесторуна таандык эң ири алтын кен ишкана.
  • Британ Колумбия провинциясында жайгашкан Маунт Миллиган кен ишканасы жаңы муундагы эң ири тоо-кен ишкана.
  • 2013-ж. январында Центерра Түркиядагы Оксүт тоо-кен ишканасынын жалгыз ээси болуп калды.
  • 2015-ж. мартында Центерра Онтарио провинциясындагы (Канада) Жералдтон-Бирдмор алкагында жайгашкан Гринстоун кенинин негизиндеги биргелешкен ишкананын катышуучусу (50% үлүшү менен) болуп калды.
  • 2016-ж. октябрында Центерра “Томпсон Крик Металз” компаниясын сатып алды, мында бүтүмдүн наркы 1,1 млрд жакын АКШ долларын түздү.
  • 2018-ж. январында Центерра “Аурико Металз” компаниясын сатып алды, мында бүтүмдүн наркы 310 млн жакын долларды (канадалык) түздү.
  • 2018-ж. октябрында Центерра өзүнүн монголдук активдерин менчик сингапурдук OZD ASIA PTE Ltd. компаниясына сатты, мында бүтүмдүн наркы 35 млн АКШ долларын түздү.
  • Центерра Арменияда, Канаддада, Мексикада, Никарагуада, Швецияда жана Түркияда геологиялык чалгындоо долбоорлоруна ээ же биргелешкен геологиялык чалгындоо ишканаларынын катышуучусу болуп саналат.
  • 2018-жылы Центерра геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 17 млн жакын доллар бөлдү.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган.