5-Канал: “Центерра” менен келишимди денонсациялоо кичи жана орто бизнес үчүн проблемаларды жаратат

5-Канал: “Центерра” менен келишимди денонсациялоо кичи жана орто бизнес үчүн проблемаларды жаратат

Жарыяланган: 11 March 2013

“Кумтөрдүн” иши убактылуу токтотулса, көптөгөн ишкерлер жакырланып кетиши мүмкүн. Атүгүл, көз карандысыз экономисттер жана кен ишканасына товарларды жана кызматтарды берүүчүлөр Кыргызстандын бюджети өзүнүн кирешелеринин төрттөн бирин албай кала тургандыгын эсептеп чыгышты. “Центерра” менен келишимди денонсациялоодон мүмкүн болуучу пайданы эсептеп чыгуу менен өкмөт мүмкүн болуучу жоготуулар жөнүндө маалыматтарды келтирбейт. Эксперттердин пикири боюнча, эгерде 2009-жылдагы келишим бузулса, республика 300 миллиондон ашуун АКШ долларын жоготушу мүмкүн.

О.Дүйшеев:
– Салык секторундагы жоготуулар – $140 млн., Соцфондго которуулар – $24,2 млн., электр энергиясына акы төлөөлөр – $13,9 млн., Кыргызстан боюнча 950дөн ашуун компания болгон кызматтарды жана материалдарды жергиликтүү берүүчүлөрдүн жоготуулары – $84,9 млн., Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна төлөмдөрдү токтотуу – $22 млн., иш орундарын жоготуу – $64 млн.

Г.Ускенбаева, берүүчүлөр ассоциациясынын президенти:
– Эгерде бир нерсе болсо, кандайдыр-бир заказдар кабыл алынбаса, анда ишканалар сөзсүз жакырданышат. Башкача айтканда, ага тен келе турган заказчы бизде, региондо, жок.
“Кумтөр” 2011-жылы эле азык-түлүк продуктыларына гана дээрлик $5 млн. чыгымдаган. Жалпысынан кен ишканасы иштеген мезгилде персоналдын тамак-ашына $40 миллиондон ашык каражат кеткен. Бардык сатып алуулардын жалпы наркы $700 млн. ашкан. Бул салыктарды төлөөдөн тышкаркысы.