«Центерра Голд Инк.» КИАЖДны колдогон компания болуп калууда

«Центерра Голд Инк.» КИАЖДны колдогон компания болуп калууда

Жарыяланган: 04 October 2011

ТОРОНТО, КАНАДА – 2011-жылдын 3-октябры – «Центерра Голд Инк.» компаниясы ал Кен ишканаларынын ачыктыгын жогорулатуу демилгесин (КИАЖД) колдогон компания болуп калгандыгын кубануу менен билдирет. КИАЖД 2002-жылы Түштүк Африкада болуп өткөн Туруктуу өнүгүүнүн проблемалары боюнча бүткүл дүйнөлүк саммитте түзүлгөн эл аралык коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Анын өзү өкмөттөрдүн, компаниялардын, жарандык коомдун, инвесторлордун жана эл аралык уюмдардын коалициясы.

КИАЖД жаратылыш ресурстарына бай өлкөлөрдө компаниялар тарабынан мамлекеттик органдарга төлөнүүчү бардык төлөмдөрдү, ошондой эле нефть, газ жана тоо-кен өндүрүүчү секторлордун кирешелери боюнча отчетторду верификациялоо (аныктыгын текшерүү) жана жарыялоо аркылуу мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт. КИАЖДнын нормативдери ага катышкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан Демилгенин негизинде жаткан көп тараптуу кызматташуу принциптеринде жүзөгө ашырылат. Азыркы учурда КИАЖДны нефть, газ жана тоо-кен өндүрүүчү эң ири алтымыш компания колдоодо. КИАЖД өткөргөн иш чаралардын максаты ресурстарды казып алуу жана иштетүү экономиканын өсүшүнө жана жакырчылыкты азайтууга түрткү берген кирешелерди алып келиши үчүн башкаруу системасын жакшыртуу болуп саналат.

«Центерра Голд Инк.» компаниясына КИАЖД принциптерин Кыргыз Республикасында жана Монголияда алдыга жылдырууда активдүү роль таандык. Компаниянын бул өлкөлөрдө иштеген тоо-кен ишканалары КИАЖДнын принциптерин колдогондордун, бул Демилгенин нормативдери боюнча отчеттуулукка өткөндөрдүн, ошондой эле алар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн өлкөлөрдө КИАЖДнын инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзгөндөрдүн алдыңкыларынан болгон. «Кумтөрдүн» Кыргыз Республикасынын КИАЖД боюнча жылдык отчетунун бир бөлүгү катарында берилген документтери жөнүндө кененирээк маалыматты http://eiti.org/KyrgyzRepublic сайтынан караңыздар. Монголиянын КИАЖД боюнча жылдык отчетунун бир бөлүгү катарында «Бороо Голд» компаниясы боюнча документтерди http://eitimongolia.mn сайтынан караңыздар.

(Билдирүүнүн аягы)