«Центерра» арбитраждык сотко доо бергендиги жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ билдирүү жɵнɵттү

«Центерра» арбитраждык сотко доо бергендиги жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ билдирүү жɵнɵттү

Жарыяланган: 01 June 2016

Торонто, Канада, 2016-ж. 30-майы: «Центерра Голд Инк.» компаниясы (мындан ары: «Центерра» же «Компания») «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүнɵ байланыштуу белгилүү бир талаштар боюнча арбитраждык сотко доо бергендиги жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ билдирүү жɵнɵткɵндүгүн маалымдайт. Ал талаштар (а) Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (ЭТКМИ) жана КРдин Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) тарабынан экологиялык доолордун ар бирин; (б) КРдин Башкы прокуратурасынын “Кумтɵр Голд Компани” (КГК) ЖАКы тарабынан “Центерранын” пайдасына 2013-ж. декабрында тɵлɵнгөн 200 млн АКШ доллары суммасындагы корпорация аралык дивидендендди алып салуу талабы менен доосун жана аны менен байланышкан КГКнын Бишкек кеңсесиндеги тинтүүнү, (в) 2016-жылга тоо-кен иштеринин жылдык планына экологиялык экспертизаны берүүнү кечеӊдетүү, ошондой эле «Кумтɵр» кен ишканасынын иши үчүн зарыл ɵндүрүштүк жана жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү боюнча бир катар олуттуу уруксат берүүлɵрдү кечиктирүүнү камтыйт. 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык, арбитраждык териштирүү жеке арбитраж тарабынан жүргүзүлүүгɵ тийиш. «Центерра» арбитрдин ысымын сунуштады жана бул маселеде макулдук болбосо арбитрди дайындоо үчүн Гаагадагы (Нидерланддар) Туруктуу арбитраждык сотко кайрылат.

Арбитраждык соттун отуруму Стокгольмдо (Швеция), БУУнун Эл аралык эмгек укугу боюнча комиссиянын жоболору боюнча ɵткɵрүлмɵкчү, ал эми колдонулуучу укук катары Нью-Йорк штатынын мыйзамдары колдонулмакчы. Арбитраждык иш-чаралардын башталганына карабастан, Компания Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүнɵ тиешелүү бардык талаш маселелерди «Центерранын» бардык акционерлерине карата адилеттүүлүк принциби сакталуу менен жɵнгɵ салуу сунуштарын кароого жана талкуулоого ɵзүнүн даярдыгын кайталап билдирди.
Компаниянын 2016-ж. 26-майындагы маалыматтык билдирүүсүндɵ белгиленгендей, Кыргыз Республикасында Бишкек ш. райондор аралык соту ЭТКМИнин «Кумтɵр» кен ишканасында бош текти тектердин тɵгүндүлɵрүндɵ жайгаштыруу жана ɵнɵр жай жана тиричилик агындыларын тазалоочу жайлардын эсепке алынбаган калдыктары маселеси боюнча КОКко карата эки экологиялык доосун канааттандырды. ЭТКМИнин калган эки экологиялык доосу, ошондой эле КТЧКжТЧМАнын доосу боюнча сот отурумдары тиешелүү түрдɵ 2016-ж. 31-майына жана 3-июнуна калтырылган.
«Центерра» жана КОК Бишкек ш. райондор аралык сотунун ЭТКМИнин жана КТЧКжТЧМАнын дооматтарын кароо ыйгарымын жана бардык коюлган дооматтарды талашат, ошондуктан соттук чечимдерге карата Бишкек шаардык сотуна жана зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанат. Андан тышкары, Компания бардык коюлган доолорду 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык, эл аралык арбитраждык сотко даттанууну улантмакчы.

Компания «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгү дайыма анда «Кумтɵр» долбоору үчүн милдеттүү болгон бардык салыктардын, тɵлɵмдɵрдүн жана башка тɵлɵп берүүлɵрдүн толук тизмеси камтылган, ошондой эле «Кумтɵр» долбооруна тиешелүү бардык талаштар эл аралык арбитраждык сотто жɵнгɵ салынуусу да каралган, 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууну кошо алганда, «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгү жɵнгɵ салынуучу бардык долбоордук макулдашуулардын жоболоруна ылайык жүзɵгɵ ашырылган деп эсептейт.

«Центерра» жɵнүндɵ. «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын ɵндүрүүчү компания. “Центерра” Борбор Азиядагы алтын ɵндүрүүчү ири батыш компаниясы болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG коддолуусу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын Онтарио пр. Торонто шаарында жайгашкан.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат www.centerragold.com корпоративдик сайтында жана маалыматты электрондук издɵɵнүн SEDAR www.sedar.com системасында жеткиликтүү.