«Кумтөр Голд Компани» Бишкек шаарында балдар үчүн «Коопсуздук жана Жол Жүрүү Эрежелери» тренингин өткөрдү

Жарыяланган: 08 November 2017

2017-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында, «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн жардамы менен Административдик суроолор жана персоналды өнүктүрүү бөлүмү, «Кумтөр» компаниясынын конок үйүндө, «Work Save – Home Save» программасынын алкагында балдар үчүн «Коопсуздук жана Жол Жүрүү Эрежелери» тренингин уюштурду. Иш-чаранын максаты – балдарды жол коопсуздугуна жана жол эрежелерине окутуу жана сиңирүү.

Иш чаранын башталышында «Кумтөр Голд Компани» президенти Дэниел Дежарден саламдашуу сөзү менен балдарга кайрылды. Балдар маалыматты тез кабыл алып, эске тутуусу үчүн, аларга түстүү презентация даярдалган, оюн түрүндө жол эрежелерин сактоонун башкы принциптери жана балдардын күнүмдүк жашоосунда «Стоп-диалогду» колдонууга мүмкүн экендиги көрсөтүлдү. Андан тышкары, балдар үчүн тематикалык сынактар өткөрүлдү, тарбиялык мультфильмдер көрсөтүлдү, аягында жеткинчек катышуучуларды таттуу фуршет күтүп турду.

«Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүгүү бөлүмү балдарга белектерди тапшырды. Тренингдин ар бир катышуучусу, жарык берүүчү рюкзак алды,ошондой эле сырткы кийим үчүн, жарык берүүчү чаптамалардын жыйындысы берилди. Иш-чара үчүн «На связи» («Байланышта) бюллетенинин атайын чыгарылышы «жол кыймылынын эрежесин сактоо» темасында комикс түрүндө даярдалган.

2017-жылдын 4-ноябрында, Бишкек шаарында «Кумтөр» компаниясынын ММК байланыш бөлүмү, Бишкек шаарындагы милиция патрулдук Башкармалыгы менен бирге тренингдин уландысын өткөрүштү, анда балдарды практикалык көндүрүмгө окутушту. Баардык жол белгилери жана жол чырак менен атайын жабдыкталган бөлмөдө балдар ишемби күндүн кечинин 1,5 сааттын пайдалуу өткөруү менен бирге, шаар ичинде коопсуз кыймылдоо жөнүндө практикалык көндүрүм алышты.

Административдик суроолорду жана персоналды өнүктүрүү боюнча бөлүм, туруктуу өнуктүрүү бөлүмү менен тыгыз биргеликте иштешип, Ысык-көл облусунун Жети-өгүз жана Тоң райондорунун мектеп окуучуларына да келечекте мындай тренингдерди өткөрүү каралууда.

Эч ким карап турбаса да, туура (коопсуз) жүргүн!

Предыдущая публикация«Кумтөр» кен ишкана кызматкерлери Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жардам беришти Следующая публикация«Кумтөр» компаниясынын кызматкерлери Кыргызстандагы беш балдар үйүндө стол тенниси секциясын ачууга жардам көрсөтүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.