“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр кенинде ачык тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алды

“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр кенинде ачык тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алды

Жарыяланган: 23 January 2020

Торонто, Канада, 2020-жылдын 22январы: “Центерра Голд Инк.”  (“Центерра”) компаниясы билдиргендей, Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кени ачык тоо-кен иштерин жаңыртуу жана 2020-жылдын аягына чейин фабриканын ишин улантуу үчүн керектүү болгон бардык уруксат жана макулдашууларды алды. Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдары тарабынан Компаниянын Борбордук карьер участогундагы 2020-жылга тоо-кен иштеринин, анын ичинде жараксыз тоо-тек үймөгүнүн пайда болуусунун түзөтүлгөн планы жана Борбордук өрөөндө жана Сарытөр өрөөнүндө бош тек үймөктөрүнүн участокторуна жайгаштырууда коопсуздукту камсыздоо боюнча конкреттүү иш-чаралардын планы жактырылды.

Азыркы учурда ачык тоо-кен иштеринин темпи өсүүдө жана кийинки жуманын башында алар толук көлөмдө иштээри пландалууда. Ошол эле учурда 2020-жылдагы планда каралгандай фабрикада топтолгон кен запастарын кайра иштетүү уланууда. Мындан тышкары, Кумтөрдө Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүндө болгон жер көчкүнүн себептерин өздүк ички иликтөө уланууда, муну менен Кумтөр аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын тергөө органдары менен тыгыз кызматташат.

Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүндө болгон жер көчкүнүн кесепетинен Компаниянын кабарсыз жоголгон эки кызматкерин издөө боюнча куткару иштери башталгандан алты жума өткөндөн кийин да ал кызматкрлердин эч кандай изи табылган жок. Туугандарынын макулдугу жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуу боюнча, издөө иштерин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Кен казылган жерде каза болгон кызматкерлердин туугандары, жакндары жана жердештеринин катышуусунда жаназа окулуп, куран түшүрүлдү. Биз каза болгон кызматкерлерибиздин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана мындан кийин аларды жана Кумтөрдүн жалпы эмгек жамаатын кырсык тоорубасын деп тилейбиз. Ошондой эле издөө-куткаруу ишине катышкандардын баарына терең ыраазычылык билдиребиз.

«Центерра» жөнүндө маалымат

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда 100% ээлик кылган «Оксут Голд» кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Толук маалымат алуу үчүн байланышуучу адам:

Джон У. Пирсон, инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-Президент

(416) 204-1953
john.pearson@centerragold.com

 «Центерра» жөнүндө толук малаымат Компаниянын www.centerragold.com веб-сайтында жана SEDAR www.sedar.com. Веб-сайтында жайгашкан.