Бүгүн, 13 июньда, «Кумтор Голд Компанинин» экология жаатында 27 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатышкан кызматкерлер – Камчыбек Мамбетов менен Алмазбек Иманалиев бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн урматына карата Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланышты. Министрликтин сыйлыктарын «Кумтор Голд Компанинин» жетекчиси Алмазбек Барыктабасов тапшырып, эколог мырзаларды куттуктады. Сыйлыгыңар кут болсун